Выбрать главу

Жылкы жанында баатыр ушуларды эстеп турду. Баарын унутуп салса да ушул күндөрдү кантип унутмак эле. Жылкы жаныбар өтө сезимдүү келет. Баардык жандыктардын ичинен аны акылдуу дегени бекер эмес го. Алар күн суукта шамалдын багытын даана сезет. Суук болчу учурда, өйдөлөбөй ылдыйлап, шамалдан сактанып буйгат жерди байырлайт. Ал эми салкын учурда кар тееп оттоп өйдөлөйт. Тээ арыда ата-бабалардын ыйык мүрзөлөрү. Санжыра ошолорго барып такалып, ошолордон башталат. Айрымдары кимдики экенин да белгисиз. Мезгил өтүп айрымдары түз жерге айланып баратат. Баатыр ойлоду биз дагы ушулардын катарына келебиз го… Булар деле бир кезде тирүү жүргөн жан эмес беле… Алар дагы биз сыяктуу жылкы кайтарып, жоо менен күрөшүп, ата бабасы өскөн жерин сактаган адамдар болчу… Ал сыдыргыга салып баарын баарын эстеп турду. Эстебегенде кантмек эле. Кийинки учурда анын ич оорусу өтө күч алып баратат. Көп жерге көрүндү, бирок айла болбой койду. Анын башына «ушул оору менин башымы жеер бекен» деген ойлор келет кетет. «Жылкы катарбай эле койчу»– десе болбоду. Балким сергип кетеермин деп ойлоду. Бирок ичи дале кичинеден сыздап айыкпас дартты белгилеп турду.

Топ жылкылардын ичинен жарыктык Кула айгыр мыкты жаныбар бир дагы жолу карышкырга алдарган эмес, өтө сак жаныбар. Карышкыр келсе аны кууп жоготот. Жылкы четинен башка киши көрүнсө да кишенеп адамдарга кабар берген эстүү жаныбар.

Анын эсине дагы бир окуя келди. Сыдыргыга салгандай баары келип-кетип турду. Ал мындан үч жыл мурун өткөн бир элести эстеди. Ал жылкычылар менен жылкы четинде жүргөн. Көп өтпөй арыдан Боштайдын уулу Алышпай акырын ышкырып Мырзакулмырзаны чакырды. Бул экөө бирге өскөн теңтуш эле.

– Ой, Мырзакул бир дабышты байкадыңбы, тээ береги Кара Бадал тараптан аттуу адамдардын дүбүртү чыккансып турат. Жылкылардын душманы келатат окшойт. Алар караңгыда ошол жакка көз жиберип жатышты. Кабар баардык жылкычыга берилди. Караңгы түн менен топ караан жылкычылар жакка берилеп келатты. Жылкычылардын жүрөгү түрсүл кагып, «эмне окуя болуп кетеер экен» деп белгисиз маанайга батып турду. Душман тарап аттарын ылдам бастырып, укуруктары менен жаныбарларды бөлө айдап, ылдам качып кеткенге аракет кылып жатты. Мырзакулмырза катуу үн чыгарып эки калмакты капталга чаап өттү алар армандуу үн чыгарып аттан бат эле кулап түштү. Баатыр башка чапкан жок, башка чапса күм-жам болоору белгилүү эле. Айлана жылкылардын дүбүртүнө жана адамдардын айбаттуу чыккан үнүнө толуп кетти. Кыргыз жылкычылары эч нерседен корккон жок себеби алардын арасында баатыр жүрбөйбү. Баатыр элге теек болоору белгилүү эле. Ал эми үчүнчү калмак Мырзакулмырзаны жекеге чакырды. Баатыр түн ичинде макул болду. Экөө элден четтеп, кармашка өттү. Калмак да баатыр экен, ал Мырзакулмырзаны капталга чаап өттү. Баатыр аз жерден аттан кулап түшө жаздады. Жанында күчтүү баатыр турганын сезип көзү ачыла түштү. Ал кайраттанып катуу кармашка өтпөсө оңбой калаарын сезди. Калмактарды ушул баатыр баштап келгенин сезип түшүнүп, муну бирдеме кылбаса болбой турганын баамдады. Калмак дагы найза, кылычын алды, Мырзакулмырза да курал жарагын алып экөө катуу кармашка өтүп жатты. Кармаш көпкө созулуп кетти, эки тарап баардык нерсе ушул жерден чечилеерин баамдап турду. Бир кезде оңтоюу келе түштүбү, кыргыз баатыры калмакты карууга катуу сайып, бутун катуу чокмор менен уруп өттү. Калмак баатыры катуу үн чыгарып учуп барып жерге кулады. Калмактар кыйкыра үн чыгарып, аттан түшүп, баатырды тегеректеп калышты. Көп өтпөй кыргыздар от жагып жиберишти, калмак баатырын оттун жанына алып келишти. Анын эки көзүнүн ортосунда меңи бар экен. Мырзакулмырза «бул баатырды кайсы жерден көрдүм эле»,– деп ойлонуп жатты. Экөө сүйлөшүп кеп башташты.

– Мен сени кайсы жерден көрдүм эле?– деди Мырзакулмырза.

– Сен биздин үйгө келип атам менен сүйлөшкөнсүң.

Баатыр баарын эсине салып жатты. Калмактар менен бир чатак чыгып, жигиттер менен Бачман деген баатыр калмак менен сүйлөшкөнүн эстеди.

– Ооба эсимде сенин атаң да баатыр киши эле, ал барбы?

– Суук тийип өлгөнүнө беш ай болду.

Мырзакулмырза жаман кейип:

– Каап жаман болгон экен андай баатыр жок эле.

Мырзакулмырза жаш баатырга кеңеш берип жатты:

– Атаңы тартып сен дагы баатыр болупсуң, бирок күчүңү жылкы уурдоого жумшаба, жаман болуп мерт болуп каласың, эгер дагы жылкыга кол салам,– деп ойлобо.

Экөө дагы сүйлөштү. Мырзакулмырза жаш баатырдын бутун кармалап көрдү.

– Сынган эмес чыгып кеткен экен,-деп бутун катуу басты эле калмактын көзүнөн от чагыла кетип, анан эс ала түштү.

– Баатыр экенсиң чыдап бердиң, башка бирөө болсо чыдабайт эле,-деп баатыр карс-карс күлдү.