Экөө көпкө аңгемелешип дос болду. Ошондон кийин көпкө жылкы уурдамай, кол самлмай токтоп, эки эл бейкут жашап калды. Мына ушуларды кыргыз баатыры жылкы кайтарып, ооруп жатып ойлоду.
Ошол иш ошол болду. Башкача болгон жок.
***
Баатырдын оорусу күч ала берип, акыры ал ушул оорудан жок болоорун билди. Ал Ысык Көлдүн жээгин эң жакшы көрчү. Ата бабалары алыскы Жалал Абад жерине Арсланбап токоюунун жанына коюулбады беле. Баатыр ал жакты каалаган жок. Дүйнөдөн кайтаарында туугандарына жана балдарына керез сөзүн калтырды:
– Менин сөөгүмү алыска алпарып убара болбогула, андан көрө касиеттүү жер көлдүн чыгышына Каркыра жайлоосуна өзүм туулган жериме койгула, ошол касиеттүү жерде ата-бабам өскөн өзүмүн балалыгым өткөн жерде жатайын.
Жана дагы оор дем алып туугандарын карады анын жанында баардыгы отурган эле. Үнүн алсыз чыгарып Арыкмарза жана Асанмырзага кайрылды:
– Асанмырза, Арыкмырза баарыңар менен мен коштошуп жатам, балдарым Алсейит менен Тынымсейитке көз сала жүргүлө, жетим болуп желкеси күйүп азапты тартпасын,-деп акыркы керез сөзүн калтырды.
Ошондон кийин баатырдын эки айдан кийин жаны учуп, көз жумду. Асанмырза менен Арыкмырза баатырдын балдарын кор кылбай эл теңдүү жакшы багып өстүрүп жатты.
ЖАМАНГУЛ АТА
Алсейит касиеттүү Мүйүздүү энегеге үйлөнгөндөн кийин, эки жыл өткөндө бир эркек балалуу болуп, «эл ичинде аман-эсен жүрсү»н деп, анын атып Жамангул койду. Наристе чоңоп басып, чуркап калганда дагы эненин боюна бүтүп, эркек төрөп анын атын Папа койду. Атанын дагы экинчи аялынан Ардам, Туумакашка деген балдары болгон дешет. Балдар аман-эсен төрөлүп, мезгил өтүп баардыгы чоңоюп жатты.
Жаз катаал кышты кууп өтүп, эски окуялар унутулуп, улам жаңы жаңылыктар жаралып жатты. Күн айга жалгашып, ай жылга кошулуп, ошентип мезгил токтобой өтө берет. Ата-эненин балага жакшы үмүтү «ушул капсалаңдуу заманда уландарым аман-эсен болсо» деген эле кеби. Эненин эки уулу тең сөөк-саактуу баатыр чалыш өстү. Көптү көргөн көсөм Алсейит балдарына кылыч чаап, найза сайып, ат үстүндө тың жүргөндү алда нечен жолу үйрөткөн. Айрыкча Жамангул боюу узун, сөөк-саактуу баатыр чалыш өстү. Алсейит ата:
– Балдарым өз үйүңдү көп ойлобой элдин келечегин ойло,– деп ар дайыма кеңешин айткан.
Мезгил өтүп балдар бат эле бой тарта келишти.
Кулжа айы келип, айлана жашарып, жер жашыл ыраң тартып, мал көк чөпкө тоюунуп, айлана көркөм ырыңга бөлөнгөн. Тээ арыда Элебестин коосунда, булак жанындагы жапан талга күкүк конуп сайрап, бир кайрыгын улам-улам кайталайт. Анын бир кайрык үнү армандуу да, жана кубанычтуу да эле. Армандуу жагы жайнаган өмүр артта калып, кайран мезгил кайтып келбейт десе, кубанычтуу жагы, «жаз келди, жаз келди анын дагы жай келет» деп жатпайбы. Ушул жаадыраган жаздын күнүндө Мүйүздұұ эне Алсейитке айтты:
– Биринчи баланы мен үйлөндүрөйүн, ал менин милдетим болсун, ал эми калган балдардын үйлөндүрүш сенин милдетиң болот.
Экөө бул сунушту туура табышты. Ошентип эне жан адамга билинбей баласына келин издеп жолго чыкты. Касиеттүү эне кайда барганы белгисиз, акыры бир жума жоголуп, тал чыбыктай ийилген, келишимдүү ай десе айдай, күн десе күндөй бир чүрөктү ээрчитип келди. Аны каяктан ээрчитип келгенин эч ким сурабады. Кыздын аты Эркеайым экен. Элдин баамында ошол кыз касиеттүү эненин жакындары имиш. Ошентип экөө эң улуу баланы үйлөндүрүп, санаасы тынып, келин жумшап калышты. Эмки кезек Папага андан кийинки Ардам, Туумакашка балдарын үйлөндүрүү керек блду. Алсейит ата буурул атты минип кийинки балдарына алып бергенге колукту издеп сапар жолго аттанды. Ата көп жерди кыдырып, адыр-белди сыдырып такыр жолу болбой, « Атаңын көрү бул эмнеси, ушинтип мага келин табылбай калабы,– деп үйүнө келип, капалынып тамак ичпей жаткан экен. Уктап жатып түш көрөт бир мүшкүл иш көрөт. Атанын үйүнүн жанында бир керемет сонун дарак өсүп туруптур. Ошол даракка үч куш келип конуп, тузак тартат. Ойдогудай болуп, тузакка үч куш тең түшкөн экен. Ойгонот да көргөн түшүн энеге айтты.
Мүйүздүү эне кубанып:
– Кокуй, тезиреек жолго чык, сага жолуңда келин даяр туруптур,– дейт.
Ошентип Алсейит ата бугу айында азыгын алып, бурул атына мине аттанып сапар жолго чыкты. Сапар жолдо: – Кайсы байдын күйөөгө бере турган үч кызы бар,– деп сурап жүрүп отурат. «Куда болуп алалы, жакындашып калалы»– деп калмак байларын кыдырат, ал жактан үч кыздуу киши табылбайт. Анан Чүй, Нарын, Талас жака барат. «Балким кыз табылып калаар» деп казак туугандарын аралап жүрүп отурат, бирок күйөөгө бере турган үч кызы бар киши табылбайт. Ата эмне кылаарын билбей башы катат. «Ушинтип үч балга тең аял табылбай бойдок калабы»– деп арманданат. Ал тынбай жол келе берет. Жол келе берет. Такыр чарчабайт. А күн айланып жыла берет. Күн менен кошо жер айлана берет. Баягы буурул атчан киши үч баласына аял издеп сапар келе берет. Өзү ыргайдай, аты торгойдой болуп, баягы атабыз кетип баратат, кетип эле баратат. Ал кетип баратып эле боюу бир карыш, сакалы эки карыш болгон кичинекей кишиге жолугуп калат. Ал карыя биздин чарчаган атабызды көрүп аябай боору ооруйт.