– Сенин издегениң түштүк тарапта, алдыгы торгойдой чарчаган атыңын тизгинин ошол жакка бур,– дейт. Алсейит ата акылдуу Кыдыралейсаламга чын дитинен ырахматын айтат. Акыры күн нуру жаадырап төгүлгөн, жер жемиши үйүлүп бөксөрбөгөн Ош жакты биздин касиеттүү ата кыдырып сапар жөнөйт. Ал чарчабас буурул аты менен адамды өзүнө тарткан жаадыраган өңү менен Жалал Абад жерин кыдырып келаткан болот. Касиеттүү Жалал Абад жерине келгенде көп боз үйдү көрүп, аларга көңүл бөлүп, аты жер чапчып тык токтойт. Алсейит ата «минип келаткан атым эмне үчүн тык токтоду» деп таң калат. Ээси ойлонду « Эстүү жаныбардын токтошунда бир шек бар, болду болбодубу, менин издеп келаткан жогум ушул жерден табылат» деп ойлонот. Ал бир койчудан сурайт: «Силердин байыңардын канча кызы бар»,– деп кайрылат. Койчу « Бир биринен өткөн ай десе айдай, күн десе күндөй күйөөгө чыга эле үч сулуу кызы бар» дейт. – Аксарбашыл кудай мага берди жогум ушул жерден табылды, санаам жаңырды -деп, буурул атын камчылана эпеңдете желдирип, кара жерди атынын такасы менен эшип, кардай аппак алтымыш уукту боз үйлөрдүн жанына кирип барат. Боз үйдү жанындагы жигит сылыктык менен Алсейит атаны тосуп алып, атын алып, мамыга байлап, өзүн боз үйдүн эишигин ачып үйгө киргизет. Үйдүн ичинде узун бойлуу, бүркүт мурун, кабагы салыңкы сүрдүү карыя кемпири менен отурган экен. Үй ээси келген мейманды сылык кабыл алат. Алсейит атаны бугу уруусунун адамы экен деп, аябай сыйлайт. Ата бир кезде боз үйдүн ичин тегерете уукту карады. Уукта жылтырак кыздар тагынчу үч мончок илинип турганын көрөт. Ата ошол көздүн карегиндей болгон мончокторду көрүп сүйүнүп кетет. Кыргыздар эки-үч күндөй меймандын эмне жумуш менен келатканын эч убакта сурабайт. Аны эс алдырып андан кийин сураштырып кирет эмеспи. Эки үч күн өтүп конок эс алат анан негизги ишти сурап кирет.
– Жол болсун асыл жолочум эмне жумуштап, же эмнени издеп келаттыңыз эле?
– Сапарга чыкканым далай мезгил болду ошончо убакыттан бери сизди издеп келаттым эле.
– Келатканыңыз жакшы албетте адам адамга керек.
– Сиз менен жакындашып, куда сөөк болоюн десем эки көзүм төрт болуп жайнап, үмүткө-үмүт, тилекке-тилек кошсом дедим эле.
Ал уук жакты карап:
– Тигине бирине-бири жанаша өскөн үч кызым болгону анык буларды санаага жетип, үч бир тууганга берейин дедим эле.
Алсейит ата кубанып:
– Менин көктөн издегеним жерден табылды, менин төрт балам бар эле ырас бирөө үйлөндү үчөө үйлөнө элек, демек мен сиз менен куда болууга шартым бар өңдөнөт,– деп кара мурутун сылады.
Ошентип ал Маматкул куда менен сөз бекитип сүйлөшүп, бекем убадалашты. Ал кубана буурул атын такымга чаап, көктөн издегени жерден таап сапар улап конушуна кетип баратты. Ата айлына жетип, эл тескеген карыялар менен ийри отуруп түз кеңешти. Карыялар ак калпак кийип, энелер ак элечекчен, жигиттер үн сала күтүрөтө мал айдап, ак боз бээнин көкүлүнө кебез байлап жөнөп калышты. Алардын кубанычтары алып уча күркүрөшүп, калыңга топурата мал айдашып бат эле жетип барышты. Маматкул куда колу ачык берекелүү адам экен. Байлыгы жөн эле ыңкып мелт-калт этип төгүлөт. Мүйүздүү эне үч керилген сулуу кызды көрүп аябай кубанды. Булардын баарын келин кылып алып жатканына аябай кубанды, жаратканга жалбарды. Ошол үч кыздан керилген уул-кыздар төрөлүп бугу уруусунун атагын алыска жайылткан экен. Бугу уруусу көлдүн башын айланасын конуштап, алардан чыккан тукумдар бүткүл элге белгилүү болуп чыга келди. Ошентип келиндүү болгон Алсейит ата аларды отко кийрип, эл журтка күркүрөтө той берди. Мындан аркы баяндарда Алсейит атадан таралган тукумдар жөнүндө сөз болмок
***
Башын ак кар көк муз баскан эчен миңдеген жашты арыткан улуу аскалар. Атам замандан берки аскаларга бүркүттөр конуп сүрдүү дабышын берип асканы аралай учуп айланат, азыгын көктө учуп жүрүп жерден табат. Кыраан сүрүнөн жан-жаныбарлар бүт баардыгы коркот. Алардын шаңшыганы бир укмуш, дайыма бийиктикте сыза учуп, курч көздөрү менен алдын да, артында жана бир канча чакырым алыстыкты даана көрөт. Тээ береги жылгада качып бараткан көк серекти курч көздөрү менен көрдү окшойт. Ошол жакты карай жаадай шукшурулуп, сайылды көк серек курч сүрдүү тиштери менен айбат көрсөтүүгө аракет кылды. Кыраан ага моюн сунбай баса жыгылып, курч алгыр тырмактары менен тырыштыра кармап, бат эле тумшугу менен көзүн чукуп, күм-жам кылып жиберди.