Ушул күндөрдүн биринде калмак байы Дамдин жигиттерине айтты:
– Кыргыздардан эмне коркуп жатасыңар жаныңар жокпу, же алар күчтүүбү, кышкы согумга мал камдап албайсыңарбы?
Көөп турган жигиттер байдын сөзүнө шерденип:
– Чапса чаап келели улугум, аларды чаппай жүрдүк беле.
– Чабабыз.
Бай ойлонуп калды да:
– Бирок абайлагыла кыргыздардын да каары күчтүү эл оңой менен жеңиле койбойт. Шек билбирбей жасагыла.
Калмактын Денден Бука баштаган жигиттери кыргыздарды аңдып жүрүп, алар бир жакка кеткенде бир топ жылкыларын айдап алып көздөн кайым болуп жоголушту. Ошондо бугу уруусу мунун баарын калмактын байынын колу менен жасалганын билип турушту. Жамангул баатыр жигиттерин майданга такшалтып кылыч чаап, найза сайып, ат үстүндө кармашты үйрөтө баштады. Жигиттер мыкты сыноодон өтүп, калмактардын жылкы айдап келүүгө даярданып жатты. Кыргыз жигиттери калмактарга чабуул коюп, каршылык көрсөткөн жигиттерин тоголото чаап келатышты.
– Бугу эненин арбагы колдосун өз жылкыларыбызды өзүбүз айдап келатабыз.
– Жаратканым өзү жар болсо экен.
Артта калмак куугунчулары кууп, жебелер тартылып, мылтыктар атылат. Жамангул, Папа, Эрмек, Кичимолдо, сыяктуу жигиттер жылкылардын артында малды сүрөп айдап келатат. Жакындап келген калмактарды буйгат жерде жашынып туруп чокмор менен тартып тизеге чаап аттан оордрып ташташат. Жылкылар ашуудан ашып, өз журтуна карай даң салып, учуп келатышты. Жамангул баатыр далай калмактарды аттан оодара чапты. Калмактар жебе тартып, Ошондо Жамангул баатырдын артына ок жаңылды. Каарданган баатыр калмактарга сүр көрсөтүп, чокмор баш менен далай калмакты тоголото чаап, намысты бербей келатты. Ал жүрүшүн ылдамдатып, « Манас», «Манас», «Кыргыз», «Кыргыз» деп ураан салып жабалактаган калмактарга намыс бербей кайраттанат. Калмактар жылкылардан айрылып, жигиттери каза болуп кайра үйлөрүнө жол тартат. Анын аралыгында бир күн өтүп, Жамангул алы кетип, эс-учун жоготуп чоң таштын түбүнө жатып калат. Жанында Куусейит менен Мендек деген жигитер бар эле ошого кайрылат:
– Үйгө кабар жеткиргиле алар келип мени алып кетсин.
Күн ысык жигиттер жарадар менен алек болот.
Куусейит айылдын карыясы Найманга жолугат.
– Айланайын боорлорум деги амансыңарбы?
– Аманбыз ата калмактар менен кармашып, жылкыларды кайра айдап келатабыз. Бир гана кайгылуу окуя Жамангул баатыр жарадар болуп, Сорок Таштагы чоң таштын түбүндө жатат.
– Кагылайын кудайым, мен десең анын жанын сактай көр, иниме жаратканым өмүр берсе экен. Оорулунун жанын кыйнабас үчүн боз үйдү көчүрүп, дарыгерди дарылары менен камынтып, сойгонго анча-мынча мал алып, шашып-бушуп жөнөп калды. Сорок Ташта Жамангулдун жанында жигиттер эмне кылаар айласын билбей жаман болуп жаткан экен. Папа айласы кетип:
– Кудай ай, бир тууганым ушунчалык кыйналгандай эмне кылды эле бир айласы болуп жаны аман- эсен калса экен,– деп кейип турду.
Дарыгер Жумагулдун жараатын жууп, кытайдын кырма дарысын сыйпап, ак чүпөрөк менен таңып койду. Мындан такыр айла болбоду. Ошондо дарыгер айтты:
– Калмактар аткан ок чыкчудай эмес, эми эмне кылабыз. Ошондон жаны кыйналып жатат.
– Кагылайын колу эмсек дарыгер бир айласын кылып, окту алып сала көр!
Анан бир паска ойлонуп туруп, дарыгер айтты:
– Калмактын ханы Коңурбай Семетейди атат. Ошондо баатырдын денесинен ок чыкпай, калганда Айчүрөк аттаганда ок чыгып кеткен экен.
Ал жерде тургандар Жамангул баатырдын үстүнөн кимди аттатабыз деп ойлонуп калышты.
Ошондо бир карыя:
– Эмне кылабыз болоор иш болуптур, Жамангулдун аялы Маматкулдун кызын деле алып келсек болот эле, бирок биздин касиеттүү келинибиз Олуят турбайбы ошону алып келели ал көзү ачык олуя чалыш бизде ургаачылардын ичинен ошондон тазасы жок.
Бирөө айтып калды:
– Ошол эми келеер бекен.
– Келет келбегенде эмне кылмак эле.
Жигаттер ошону алып келгени чаап жөнөштү.
Олуят көп убара кылган жок. Жамангулдун кабарын укканда кой эми барып жардамымды берейин,– деди.
Ошентип жигиттер Олуят ургаачыны алып келишти.
Олуят жаратканга жалынып туруп бир жолу аттанды. Ок чыккан жок ошондо ал ыйлап жиберди.
– Ушундай да болобу өзүм да, жан дүйнөм да таза эмес беле, эмне болуп турам,– деди.
Карыялар:
– Касиеттүү Олуят келинибиз кудайдын өзү көрүп турат, ичиңен жаратканга жалбарып дагы бир жолу атта, ойлогонуң кудай алдында келип калаар,– деди.