– Кантип ашаар экенбиз, же учурунда эрте ашпай, көчкү жүрүп кетсе чымын жаныбыз чыркырап, же ашуунун жолун таппай күрткү кулап чыга алгыс оюкка кептелеер бекенбиз. Үй-бүлөбүзгө аман-эсен жетсек экен,– деп ар биринин санаасы бушайманга батат. Баатыр менен кошо беш жигит сабалай келатат. Быйыл жайлата күн тынымсыз жаап, дабанды калың кар челип, көчкү ылдый кулап кетчүдөй салаңдап турат. Эгер күн ысык болсо мунун баары эрип кетмек. Азыр кайдан эримек, эримек түгүл суу үстү муз болуп тоңгон. Абада кичине эле үн жаңырса, күр-шар этип, кар көчүп, ылдый карай кулап, айбаттуу жүрөк түшүргөн каардуу добуш чыкмак. Бешатчан бат эле ашууга шыкай келишти. Дабанды калың кар каптап жол нугу такыр көрүнбөйт. Алдыда жол баштаган жигиттер. Жакшылык менен Жамангул экөө ээрчише бастырып келатышты. Баары ашуунун түбүнө токтолуп, тамак аш ичип кудайга жалынышып, «жолдун пири, Жоломан ата, ашуунун пири Даван ата колдосо экен» деп бул ашууну ашкан арбактарга багыштап куран окушту. Аба салмактана дем алганга оор тартып, кан улам башты тээп чыкты.
Жакшылык камчысы менен оң колун созо көрсөтүп:
– Жол тээ береги салаңдап турган соройгон таштын бери жагынан өтөт окшойт.
– Андан аркысычы?
– Анан кыялай өйдө карай өрдөйт шекилдүү.
– Тээ урчуктан бериби же арыбы?
– Мен да ошону билбейм турам, биз өткөндө салаңдап, турган асканын сол тарабынан өткөндөй болгонбуз.
– Туура айтасың калети жок сөз.
– Жолдун баарын каткан калың кар каптап калыптыр, жада калса карыш из билинбейт жаратканым өзүң колдой көр!
Жамангул менен Жакшылык алдыда кетип баратат. Жолочулар улам өйдөлөп жыла баштады. Кээде таш тоголонуп, адамдар жыгылып кайра өйдө турушат. Аттардын буту тийген бош таштар ылдый карай таштан-ташка урунуп үн чыгара токтоно албай кургуйга кеткенсип кулайт. Алар аскага өтө эле жакындап калган. Ошондо бир кырсык окуя болду. Суу көп аккандыктан сууктан жер көк жалтаң болуп тоңгок. Жамангул ата чылбырын колуна ороп алыптыр, муздан тайгаланган ат адамды өзү менен кошо ылдый карай ала кетти. Анан эле бир пастан кийин күркүрөгөн үн чыкты. Бул дабыштан араң эле турган салаңдап турган кар тобу ылдый карай токтоно албай күркүрөй кулады. Жакшылык менен Жамангул ат-маты менен ылдый сойгоктой кар тобу менен кургуйга кулап кеткендей болду. Калган үчөө аман калып, алар эмне кылаарын билбей дапдаарып, көчкү көчүп кеткенден кийин жигиттер араң дегенде эс акылына келишти. Алар аман-эсен ойго түшүп, Жамангул менен Жакшылыктын денесин издей башташты. Бирок алардын денеси оңурайган чуңкурга түшүп кеткен шекилденет. Төртөө алып чыга алчудайй эмес калың муз катмары тоңон заңги турат.
Алардын оюу «мындан ары эмне кылабыз, тагдырыбыз кандай болот» ошолорду ойлонуп жатты. Анын үстүнө күз түнү кирпикти ачып-жумганча бат эле кирип келет эмеспи. Тарапты уюган айлана күүгүм каптап, караңгынын күкүмү теребелге чачылып, кеч токтоосуз жакындай берди. Үчөө: Элдияр, Кылкожо, Шайыкмет, сүйлөшүп жатты.
– Тагдырыбыз оор болду ашууну эмне кылабыз?
– Аша албайбыз го.
– Эки кишибиздин денесин кантип табабыз?
– Ашуунун аркы бети жаман эле.
– Жол табылбай калды.
– Келечегибиз эмне болот?
Алар аттарын жетелеп, түзгө түшүп, унааларын камчылай калмактардын конушуна карай артка сабалай кетип баратышты. Суук кабарды Доргого угузушту. Ал аябай кейип:
– Кайран досум Жамангулум кол жеткис жайга кеткен экен ээ,– деди. Башын жерге салып капалана.
Эртеси калмактар менен кыргыздар жыйырма чактыдай болуп, күрөк, лом, чукулдукту арбын алып кайра ашууга келишти. Жолочулар келип арканга байланып, эки адамдын жанчылган денесин кобулдан алып чыгышты. Кадырлуу адамдын сөөктөрү музга сүрүлүп жакшы таанылбай калыптыр. Денени жаздын башталышы менен кыргыздарга алып бармай болушуп, музга бастырып, ит куш жеп кетпесин деп бекемдеп корумдап салышты. Эки адамдын сөөгүнө ариеттеп куран түшүрүштү.
***
Кыргыздар Жамангул баатыр качан келет деп күтүштү. Бирок кеткен бойдон дарек жок… Тагдырдын жазмышына адам баласы баш ийбеске аргасы жок эмеспи. Маңдайга эмне жазылса адам баласы ошону көрөт тура. Андан башкача арга болбойт экен.
Кыргыздар баатырды качан келет деп күтүштү.
Бат эле кыш өтүп, жаркырап жаз башбагып, катмарланган карлар эрип, жол ачылып, суу кузгундап кирип жатты. Жаз илеби эрте келип, баягы денени каарыган суук жоголуп, адам пендеси жылуулуктун илебине аралаша баштады. Жыйырмадай калмак туугандар Жамангул менен Жакшылыктын сөөгүн атка жүктөп кыргыздардын конушуна баатырды жоктоп өкүрүп түшүштү. Калмактар өздөрү менен кошо кошумча деп үч кара жетелеп келишти. Бапа боз үйдүн жанында бир тууганы Жамангулдан айрылып, шолоктоп жашын төгүп, кайгырып сабыла ыйлап турду.