Выбрать главу

Ошондо санжырачылардын айтымы боюнча Жамангул атанын акылдуу аялы мындай кошок кошкон экен.

Алалуу жылкы, кулалуу жылкы журтум,

Каралуу катын, жалалуу журтум.

Кабарлап айтып коёмун журтум,

Айтпай бир койсоң жаманат журтум,

Курсакта калды балаң журтум.

Баатыр кайтыш болгондо анын аялынын боюнда алты айлык бала калды. Анан тогуз ай болот дегенде эркек бала төрөлдү.

Ошондо акыл салаар акылман карыялар:

– Жамангул баатыр өлгөн жок. Баатыр кайра төрөлдү.

Баардыгы баатырды жоктоп ыйлашты. Карыялар наристенин атын «баатырдан калган туяк» эле деп, азан чакырган акылман карыя Белек койду.

– Белек болсун!

– Белек болсун!

– Белек болсун!

Белек деген ат айланага, алыскы чөлкөмгө бийик обого тарап кетти. Ошол күнү баатырдын караанын жоктотпой, бул дүйнөгө бир наристе келген экен. Ата журтун коргосун деп бата беришти. Батаданбы же элдин үмүтүнөн жаралдыбы ал бала да баатыр болуп, ата-журтун коргогон экен.

Аңгыча эле биздин санжыра жомогубуз аяктап бат эле бүтүп калган тура. Эми кичине дем алып башка санжыра жомокко өтөлү.

АТАДАН КАЛГАН ТУЯК

(Төрөкочкор ата)

Төрөкочкор атанын,

Айталык эми жомогун.

Аңгемелеп кеп кылсак,

Арманы көп болгонун.

Бул окуя бир жагынан жомокко, айрым жерлери кадимки эле турмуштун дал өзүнө жакындап кетип турат. Мейли бул көрүнүштү жомок деп да, чындык деп да эсептейли. Анткени менен байыркы бабаларыбыздын элеси бизге бир эсе чындык, бир эсе жомок болуп жаркып турсун. Биз чындык менен жомоктун арасынан каалгыган сонун нерсебизди таап алып, алардын сүйкүм элесин унутпай кийинки урпактарга санжыра жомок кылып айта баралы деген эле кеп да.

Байыркы-байыркы бабаларыбыз бир жерден экинчи жерге сүрүлүп көчүп жүргөн экен. Алардын душмандары кыжылдаган кытайлар, ат жалында тегеренип ойногон калмактар, уйгурлар, казак, орустар өзүбүздүн эле тектеш туугандарыбыз байыркы түрктөр болгон экен. Элибиз далай жылдар калмактар менен кармашып келди. Алардын азабынан кыргыз, казак ачкалыктан кайың саап калды. Кыргыздардын алсыздыгын билип, Кокондук бийлөөчүлөр, элибизди каратып алып, алык-салык салып толгон эзүүнү жүргүзүп жатты. Кокон бийлөөчүлөрү жергебизди каратып алып, чеп куруп, алык салыкты үзбөй алууда. Кокон бийлөөчүлөрү жергебиздеги сулуу кыздарды ордого деп башыбызга арманды үйүп алып кетип турду. Ар бир чоң уруу Кокон хандыгына деп жигиттерди барымтага берип жатты. Кадимки баатыр Белектин чоң боз үйүндө Кокон хандыгына элчиликке кимди жиберебиз деген суроо чечилбей жатты. Эмне кылаарын билбей баарынын башы катат. Карысы да жашы да терең ойду ойлонот.

Ким ылайыктуу, ким барып бугу уруусунун таламын жактап, аман-эсен иштеп кайра кайтып келет? Ушул олуттуу ишке жооп табылбай боз үйдөгүлөрдүн башы катып жатты? Ошондо көлдүн билермандары:

– Бул ишке Жамангулдун уулу Төрөкочкор гана жарайт, ал бир четинен аз да болсо, бизге караганда араб молдодон билим алган окумал жазуу-сызууну билет. Сүйлөсө адамдын ичи-койнуна бат эле кирип кеткен эпчилдиги жайы бар. Анын үстүнө соода сатык менен түштүк жерине мал айдап нечен жолу барып келген. Алардын сырын жакшы билген ары элчилик жайы дагы бар. Боз үйдө отургандар тунжурап ойлонуп калышты. Жана көптү көргөн карыя башын ийкеңдете:

– Асылбек баламын айтканы туура асыл таштан, акыл жаштан деген элибиздин илгерки сонун макалы бар эмеспи. Төрөкочкор уулум барсын. Берки отургандар ак сакалы белине жеткен ак калпакчан улукман карыянын айтканы туура дешти. Бир четинен бөтөн эл бөтөн жерге барып иштөө өтө опурталдуу жумуш экенин баары ичинен сезип отурушту. Ошондо жанагы отурган Ала Тоодой ак сакалчан карыя колун жайып, эки жакты ойлуу карайт.

Баарысы тунжурап турат:

– Айланайын Төрөкочкор уулум Кокондук туугандар бизге жоо эмес насили, тили бир элденбиз. Аз журтка кыжылдаган кытай,калмактар тынчтык бербей жатпайбы. Ошолор менен биригип, жоону Ала Тоого жолотпой сүрүп салсак гана. Эми жолуң ачылып, касиеттүү бугу эненин тукумунансың, Кылжыр атанын арбагы жар болсун!– деп алакан жайды, баары бата кылышты.

Белек баатыр үнүн катуу чыгара:

– Бир тууган инимсиң, басаар жолуң узарсын, бактың ачылып, эл керегине жарап, касиеттүү Бугу эненин атын чыгаргын,– берки отургандар бул сөздү жактап жиберишти.