Выбрать главу

Бул катти жазган Мирза Шайыхмед уулу деп билгейзиздер.

***

Асенек кушту туурдан колуна кондуруп алып келди. Ага жаңы союулган койдун кара кесек этин берип тойгузду. Асенек анан катты куштун бутуна бекемдеп байлады. Эне көзүнүн жашын төгүп, куштун тумшугунан өөп:

– Касиеттүү ыйык кушум, сени Төрөкочкор балапан кезиңде ыйык көлдөн ала келген эле. Сени жакшы багып кыраан кылып канатыңды жетилтти. Экөөбүздү азапка салып ал кургурдун көзү өтүп кетти. Эми экөөбүздү ким багат. Бобул бутуңа байланган катты көлдөгү бугу уруусунун адамдарына адашпай жеткис, катты сага тапшырдым, сени куштун пири Буудайыкка табыштадым. Касиеттүү ата бабанын арбагы колдоп ушул жерден аман-эсен кетели. Бобул атадан калган жалгыз туяк Сейитти аман-эсен туулган жерине жеткирип, мен аны эл-журтуна эсенинде элине табыштайын,– деп, кушту кучактап, арыз-муңун канаттууга билдирип, ургаачы ботодой-боздоп ыйлап жатты. Асенек:

– Кой, жеңе кайраттуу бол, кечке эле ыйлай бересиңби,– деп сооротту.

Токтоайым кайра жашып:

– Менин ыйлагандан башка эмне аргам калды, ушул жакка бөтөн жерге барбайбыз жибербегиле дегем, болбой эле Төрөкочкор көңүлдөнүп туруп албадыбы,– деп дагы ыйлап жиберди.

Асенек эмне кылаарын билбей тунжурап дапдаарып турду. Анан эне жоолугу менен көз жашын сүрттү. Куш таң агарып келатканда, тараза жылдыз батканда канаты талбый зыпылдап учуп келатты. Куш күндүз да, түн ичинде да тынбай учуп келатты. Ал жылдыздарды карап багытты алып, адашпай келатты. Анын оң бутунда кабар алып бараткан кат байланган. Жарыктык куш ошону сезип, күндөп-түндөп, эс албай тынымсыз учуп баратты. Кээде гана бийик даракка бийик ташка же урчукка гана конуп эс алат. Анан кайра тынбай сапарын улантат. Жарыктык адамдан эстүү канаттуу жаныбар ээсинен жок болгонун анын мындан ары такыр көрө албасын сезип капаланып учуп баратты. Караңгы түндө түндүн жырткыч жаныбары үкү эки жолу кол салды. Биринчи жолу кыраан куш үкүнүн үстүнө чыгып каарданып келип тепти эле үкү жан берип калдалактап жерге түштү. Экинчи жолу үкү менен алышкысы келген жок буйтап учуп кетти эле ага үкү жетпей калды. Анткени кыраандык жамандыктан бийик турат эмеспи. Кыраан куш күндөп-түндөп токтобой учуп келатты. Жолдон чоң коонун ичинен катуу шамал болду куш кат айрылып калабы деп, буйгат шамал кирбеген ташка конуп эс алды. Катуу шамал басылды анан жолун улантып жүрүп отурду. Анан бир кезде катуу жаан жаады. Кат суу болуп жоголобу деп жаан басылганча далдоо жерге жашынды. Аны куштун пири буудайык колдоп жүрүп отурду. Жолдон карыш жер көрүнбөй катуу туман басты ошондо ал аз жерден адашып кете жаздады. Адашып кетүүдөн алтын казык жылдызы гана сактады. Анткени түндө сапар тарткан куштар жылдыздарды карап багытын улантат эмеспи. Кыраан куш булутту көктүн астында, муңдуу чөптүн үстүндө учуп жүрүп отуруп жети күн болот дегенде, түш мезгилде Белек баатырдын жайлаган жайлоосуна жетип, анын боз үйүнүн үстүнө конуп армандуу үн чыгарат. Белектин аялы Уулбала бутуна кат байланган кушту көрүп таң калды. Ал баласына кайрылды:

– Түндүгүбзгө куш конду, бул эмне конду сырын билгилечи, бутунда чүпөрөкпү ак неме жүрөт.

Анын баласы «пө-пөлөп» кушту чакырды. Куш тааныш кишисине келгендей анын колуна келип конду. Бала катты чечип алып, энесине берди.

Аңгыча күн батышка батып, жайылган кой короого келип жатты. Алыска жумуш менен кеткен адамдар да куштар сыяктуу түнөгүнө келишти. Белектин үйүнө конгон кат байланып келген куштун кабары баардык жерге тарап кетти. Кечинде Бооке, Кыдык, Итбай, Белектин үйүнө келишти. Белек бир туугандарына кайрылып:

– Бизге Төрөкочкордун алгыр кушу кат алып келиптир. Эми эле белдеги молдого киши чаптырдым, азыр келип окуп берет. Үйдөгүлөр тунжурап ойго батып калышты. Катта эмне кабар, жакшы кабарбы, же бүлүккө салган түйшүктүү жаңылыкпы? Баардыгы айтаар сөз жок тунжурап ойго батып турушту. Алардын көзү Белектин колунда турган кагазга түшөт. Алар чай анын артынан кымыз ичишип, молдону күтүштү. Бирок молдо келбей кечигип жатты. Баардыгынын тынчы кетип, сыртка чыгып молдо келүүчү Моло Таштын кыясы жакты карап турушту. Молдону алып келгени Белектин баласы Теңизбай кеткен эле. Бир кезекте Теңизбай жеерде атын минип, эпеңдете желдирип кырдан чыга келди. Белек аны жекире карап: