Выбрать главу

Батыштан мелүүн жел акырындап согуп турат. Кайсы бир жерде дарактын башынан жапан куш үн салып муңканат. Бул үн адамдардын жүрөгүн сезтендирет. Ушул кезде түн жамынып, бирөө келатты. Ал кадамын өтө аярлап басат. Мындай кооптуу түндө адамдардын басышы да коркунучтуу. Ал келаткан Акүчү баатыр болчу. Ал Хамиракундун эшигинин алдына келип дарбазаны аяр какты. Ит ажылдап келип үрдү. Дарбазадан эркек чыгып ал колдураган үнү менен:

– Ким бул караңгы түндө келген? Сага ким керек?

– Хамиракун акенин үйүбү?

– Ооба ошол кишинин үйү.

– Сизди тетиги жерде Токтоайым чакырып жатат.

Бул сөздү угуп көңүлдөнүп жаткан экен деп эркек жым этип кубанып кетти.

Акүчү кетүүгө камынды.

– Ой, коё тур мени ага жолуктуруп койгун.

Токтоайым экөө кыла турган ишти небак эле сүйлөшүп алган.

– Жүрүңүз мен сизди жолуктуруп коём. Анан кетейин.

Экөө ээрчишип отуруп Токтоайымга келди.

Аял эрекке салам берди. Хамиракун алик алды. Ал Токтоайымдын колун кубана катуу кысты.

– Жүрүңүз салкын түндө кичине басып келели.

Экөө ээрчишип, чоң терең кудукка карай басты. Алардын артынан билинбей Акүчү келатты. Ушул кезде Токтоайым кудуктун жанындагы таш үстүнө отура кетти. Ошол кезде эптүүлүк менен Акүчү баатыр Хамиракунду бөйрөк тушка уруп калды. Канкор үн чыгарбай жерге кулап, Акүчү дагы жүрөк тушка канжар урду. Анын бир пастан кийин үнү чыкпай калды. Ал жарык дүнө менен кош айтышты окшойт. Денени терең кургап калган эски кудукка таштап үстүнө топурак чачып, калың кылып чөптөн үйүп салышты. Эч нерсе байкалбай калгандай болду. Акүчү эртеси токойго кетти. Алар түз эле качса, бир нерсени шектенип калышмак. Эки күндөн кийин туугандары Хамиракунду издеп жүрүштү эч жерден табылбады. Аны издеп Токтоайымдын үйүнө да келди. Күйөөсү өлгөн алсыз аялдын үйүнөн эмне табылмак. Ошондон бир жума өткөндөн кийин энени ээрчитип, баланы азыгын алып, Желжетпес турган токойго келишти. Акүчү «Желжетпес» деп үн салды эле жаныбар кайдадыр калың чөптүн арасынан үн салып чыга келди. Бекем каткан чөптүн арасынан ээрди алып чыгып токуп, алдына өзү минип, Токтоайымды учкаштырып, баланы куржунга салып, аргымактын оозун коё беришти. Аргымак кубанычтуу үн салып, айлуу түнү Теңир Тоого карай учуп жөнөдү. Кетеерде бала ыйлады.

Акүчү айтты:

– Атасы өлгөн жер менен армандуу коштошуп жатат, ал сөзсүз ыйлайт болчу- деди.

Желжетпес шамал менен жарышып кетип баратат. Кокон шаары итапкан эле артта калды.

Акүчү ойлонду «Асман менен учпай жер менен бастырайын канаттуу жаныбар бат эле чарчап калат»,– деди. Таштак жолдо ат келатат. Бала куржунда келатат. Баары келатат. Бир гана арман Төрөкочкор баатыр келбей артта калды. Ошондо чөлдөгү топ бөрүлөр атты кууду. Күлүк бир заматта канатын жайып асманга учуп кетти. Учуп жүрүп отурду Токтоайым эне:

– Буудан чарчап калат андан көрө жер менен бастыралы алар жол арытып, сапар картып келатты. Кайдан-жайдан белгисиз топ кабыландар пайда болду, алар тиштерин арсайтып күлүктү кууп калды жаныбар бат эле канатын жайып учуп кетти эле кабыландар артта ал эми карга, кузгундар аргымак менен тең жарышып келатты. Канаттуулар чарчашты окшойт уча албай артта калды.

– Курган карга, кузгундар биздин артыбызда калды алар бизге жетмек кайда;– деп зоңк зоңк этип күлүп койду,– Акүчү.

Аргымак энени жана баланы алып закымдап кетип баратты. Мезгил да токтобой өтүп жатты. Эртеси агарып таң атат анан күн өйдө көтөрүлүп түшкү маап келет, анан күн тоолордун же түздүктөрдүн ары батып коңгуроо кагылып кеч келип, кайрадан көз ачып жумганча жымыңдап ай тоодон чыгып түн келет. Ушинтип эле бири өтсө бири келе берет. Ушинтип эле адамдар да жаныбарлар да карый берет. Ушинтип эле бөбөктөр төрөлүп, адамдар улгайып, пенделерди муңга салып карыялар тиги дүнөгө жол кетет. Ушинтип эле жер күндү айланып, ушинтип эле күндөр өтө берет, өмүр токтобой өтө берет.

Жолочулар жер менен кошо айланып сапарын улантып жолдо келатат. Аларды көргөн адамдар айтты:

– Касиеттүү Мүйүздүү эненин тукумдары бараар жерине жетип кайра келатыптыр.

– Куржунда эркек баланын башы чыгып, ыйлаган үнү угулат. Бул бугу уруусунун тукумун улайт. Өмүрү узун болсун.

– Бугу уруусунун талыбас аргымагы Желжетпес абада учуп баратат. Бул талыбас аргымак бул уруунун атагын чыгарат.

– Аргымак үстүндө Акүчү баатыр жана эне сапарлап баратат.

– Булардын сапары байсалдуу болуп, каалаганы аткарылсын.

– Жараткан Теңирим адамдарга бейкуттук жана тынчтык арнасын.