Выбрать главу

Аргамак аркайган тоолордун үстүнөн арыбай канатын кагып учуп өтүп,

талаалардан, түздүктөрдөн чарчабай кайкып өтүп, баратты аларды тоонун кыраан бүркүттөрү узатып жатты. Ал эми кыраан шумкарлар, куштун пири буудайык коштоп жүрүп отурду. Алардын баары сапар бараткан жолочулардын колдоочусу болгон. Ошол жердеги торгой көкө көтөрүлүп жолочуларды карап сайраса, бак башына конуп күкүк күкүктөп салтанаттуу ырын төгүп жатты. Ушундай күүнүн, ушундай салтанаттын аркасында биздин жолочуларыбыз өзүнүн ата-конушуна бат эле жете келди.

***

Береги көлдүн чыгышындагы бугу уруусунун адамдары «биздин жолочуларды качан келет» деп чыдамсыздык менен күтүп жатты. Ак элечекчен энелер, ак калпакчан аталар, абалар, апалар биздин жолочуларыбыздын жолун карап күтүп жатышты. Чабандес Акүчү атты элге жеткирбей токтотуп, баланы колуна алып, Токтоайым эне башына кара жоолук салынып, токтобой арманданып ыйлап, көзүнөн буурчак-буурчак жаш төгүлүп, сыздап кошок кошуп келатты. Башында муңун арманын кошок менен айтып жатты.

Акүчү баатыр баланы койнуна катып «тууганыман айрылдым» деп, ыйлап, боздоп келатты. Алардын ыйын угуп, Акүчүнүн чепкенинин ичиндеги бала дагы бар-бар этип «атакелеп» ыйлап боздоп, армандуу өлгөн атасын жоктоп келаткандай болду. Кыскасы баары ыйлап, баары боздоп арманданып жакын кишисин жоготуп кайгылуу келатканын жарыя кылды. Ошондой кылды. Эмчек эмген бала «бар-бар» этип ыйлап көпкө басылбай сыздап турду. Аны сооротсо да ыйык энелер эмчегин берсе да эмчек эмбей басылбай боздоп жатты. Анын үнүн угуп, жер үстүндө муңдуу чөп ыйлап, кайын ыйлап, тал ыйлап,карган жандын баары ыйлап жаткандай болду. Аны атасын жоктоп ыйлап жатат» деп карыялар, энелер айтты. Бала качан чарчап бүткөндө ыйын токтотуп тынч уйкуга көшүлдү.

Ак элечекчен энелер, ак калпакчан аталар качкындарды ыйлап боздоп тосуп алышты.

Ошол кезде күн ачык эле туруп жаан себелеп токтобой жаап жатты. Булардын ыйын көрүп жаратылыш эне да ыйлап, муңканып жаткандай болду. Ошол ошол болду. Төрөкочкор ата басып өткөн, балалыгын өткөргөн Каркыра жайлоосунан, көлдү тескей-күңгөй тоолорунан сууктун илеби келип, муздак жел денени үшүтүп муңдантып турду.

Ак элечекчен эне баланы бетинен сүйүп, аны кийинки байбичеге берди, ал дагы баланы өпкүлөп ал кийинкисине берет. Ошол кезде бала бир эненин колуна барды, баркырап ыйлап, катуу булкунуп ыргып кете таштады. Эне чочуп:

– Апей, көтөк, татай бул кандай бала эле жөн бала болбойт го,– деп кудайга жалынды.

Бала энелерди аралап жүрүп отуруп, карыя баланын бетинен өөп, аны кайра энеге берип сөз алды:

– Айланайын журт, Мүйүздүү бугу эненин тукум өлгөн жок Төрөкочкор өлгөн жок андан уланып тукум калды. Баатыр өлсө да анын жолун улаар баатыр калды. Бала сапар жолдо куржунга салынып өз жерине аман-эсен келди. Уулубуздун атын Төрөкочкор айткандай Сейит коёлу.

– Сейит болсун!

– Сейит!

– Сейит!

– Алыс жактан аман-эсен куржунда келди, эркелеткен атын Куржун болсун , -деп да чакыралы.

– Мейли эркелеткен аты Куржун болсун ,-деп чакыралы.

– Куржун!

– Куржун!

– Куржун!

Ошентип берекелүү карыя небересинин атын эл алдында койгон экен.

Андан башкача болбоду. Куржун атанын: Бешенбай, Ырыс, Торгой, Чолпоке, Султангазы, Түлөсүн деген алты баласы болуп, андан башка ай чырайлуу күн десе күндөй, ай десе айдай үч кыздуу болуп, алардан тукум уланып кете берди. Бул баян биздин ата-бабаларыбыздын уламасы экен. Ага жомок да чындык да аралашып жана санжыранын өзү ошондой болот экен. Ошол иш ошол болду. Андан башкача болгон жок. Бирок а дей электе эле жомок-санжырабыз бат эле бүтүп калып жатпайбы. Анда айла жок Алла Тааланын жардамын күтүп, башка жомок санжырага өтөлү

КУРЖУН

Куржун деген атанын,

Айта кетем атагын.

Куржунга салып ташылган,

Кужулдагы чуу жарган.

Ошентип Жамангул баатыр көчкүнүн алдында калып каза болду. Ал беш балалуу болду. Белек, Итбай, Төрөкочкор, Кыдык жана Бооке беш эркек андан башка атанын койможуган кара көз арасы эки жаштан төрөлгөн ай десе айдай, күн десе күндөй үч кызы бар эмес беле.

Бир кезде Коконд хандыгы бүтүндөй көлдү, Нарынды каратып, зекет садага алып кыргыздарды эзип жиберди. Хан ордого деп, канча сулуу кыздарыбыз жашын төгүп ыйлап кетип жатты. Ошол эзүүчүлөргө каршы ар кандай нааразычылыктар жарала берди. Кыргыздар да башка элге оңой менен багынбаган эл эмеспи. Хандыктын камчы чабарлары колу жетип тындырбай зекет жыйноого аракет кылат. Бугу уруусунун билермандары зекет төлөбөйбүз деген сөздөрдү айтып жатты.

– Андай болбойт барымтага киши бергиле аны ордого кармап турабыз, зекет чогултуп келип анан адамдарыңарды ала бергиле.