– Барымтага киши бере албайбыз, барымтага берген кишибиз Төрөкочкор кана таап бергиле,– деп кокондук сарбаздарга каршы чыгып жатты.
Алар бугуларга көп каршылык кыла албай калды.
Мезгил өтүп бала кичне чоңоюп калды. Ай десе айга келбей, буй десе буйга келбей билинбей убакыт өтүп жатты. Бапа дагы Белек, Бооке баардыгы аңчылыкка кызыгып, куш салышчу. Алардын үйүнүн жаныдагы туурда сөзсүз куш байланып турчу. Талаа, суунун жээгинде илбеесинден көп неме жок аларды куш салып кармаса эң сонун. Бир четинен көңүлүн ачат, бир четинен жей турган тамагың даяр. Төрөкочкордун боз кушун Белек кээде салат, көпчүлүгү байланып туурда отурат. Токтоайым эне аны ачка кылбай багып турат. Кушту бош койсо деле эч жакка кетчү эмес. Учуп а түгүл азык кармап жеп, анан бир кезде тууруна конуп отурчу. Копчүлүгү ал Куржундун бешигин аягына барып конуп отурчу. Үйдөгүлөр буга көнүп калган, куш кайда отурат, аны менен эч иштери болгон эмес.
Жай айы сонун болуп жаадырап тийип турат. Эне чаканы кармап аркы жактан суу алганы кеткен. Ошол кезде боз үйгө бир кара чаар жылан жакындай берди, бала болсо бешикте уктап жаткан. Ал боз үйдүн эшигине улам жакындады. Үйгө кирсе эмне болот бешикте магдырап уктап жаткан баланы чагып албайбы. Уулу кара чаар жылан экен. Жыланды көрүп куш дагы чаркырап тынымсыз үн берип жатты. Эне жыландын боз үйгө жакындап калганын сезип, чакасын таштап кыйкырып чуркап келе жатты. Эмне окуя болуп кетер экен. Ошол кезде баланын бешигин аягындагы конуп отурган куш жыланга атырылып качырып кирди. Жылан соймоңдоп кушту чагып алганга аракет кылды. Куш ага жакындабай айланып качып турду, эми куш менен жылан кармашка өтчүдөй болду. Оңтоюу келе калды окшойт, куш жыланды куйруктан тиштеп, асманга көтөрүлуп учууга аракет кылды. Жылан абада салпактап, ары-бери кыймылдап кетип баратты. Кайда кеткени белгисиз. Эне бул көрүнүштү баарын өз көзү менен көрүп туруп таң калып, кичне эс алып:
– Ой, жаратканым, асылымы жылан чагып ала таштады эле атасынын кушу аман алып калбадыбы,– калтыраганын токтото албай кудайга жана кушка жалынып жатты.
Коңшулар бат эле жетип келип болгон окуяны көрүштү.
Ошол күнү куш кечиреек келди кайда барганы белгисиз. Келип ал баланын бешигинин аягына конду. Белек бул окуяны угуп, үйгө келип колуна кушту кондуруп, анан тумшугунан өөп койду:
– Жарыктык акылман куш баланы жыландан куткарды, бул куштун пири буудайык болуш керек, акылдуу ыйык жаныбарым,– деп жонунан сылап койду.
Ошол күнү бир кой союп, Төрөкочкор атага куран окутушту.
Элдин баары бул баланын колдоочусу Боз шумкарбы, – деп ойлошту.
Эне кудайга жалынып:
– Айланайын боз шумкар баламын колдоочусу боло көр сенден балага бир жакшылык нерсе сезилип турат,– деп кудайга улам-улам жалына берди.
Жай айы болчу. Эл жайлоого көчүп өздөрү каалаган жерине отурукташып, бээ саап кенелеп калган учур эле. Токтоайым эне бир аял менен бээ сааганы кеткен эле, ошол кезде кошуна кыз эне турган үйдөн илегенге очогун тутантканы очоктон күйгөн тезектен алып кетет. Ал кетип баратып, күйгөн тезекти чийдин түбүнө түшүрүп салып кете берет. Чий күйүп бара-бара боз үйдүн бир капталы күйө баштайт. Ошол кезде Боз куш ай асманга атып чыгып кайра келип чаркырап үн чыгарып айлана баштайт. Эненин жүрөгү бир жаманчылыкты сезип, «Куш мындай кылбайт эле» деп боз үйгө карай чуркайт. Чуркап келатса, көзүң жаманчылыкты көрбөсүн, боз үйдүн кыз түшүрүп кеткен тезектен чий менен кереге жалбырттап күйө баштаптыр. Эне кыйкыра өкүрүп келип, чакадагы сууну от күйгөн жерге жаба төктү ага дагы боло турган эмес, ошондо эне жерге салган көлдөлөңдү ала калып, өрттү басып өчүрүп салды. Жалын бетин, чачын аймалап кетип маңдайкы чачы күйүп калды. Бирок алышып жатып өрттү өчүрдү. Бешикти ачып караса, эч нерсени билей Куржун уктап жаткан экен. Курган эненин араң дегенде жүрөгү оордуна келди. Катуу улутунуп, өзүн эң жаман сезип жатты. Кушту карады, канаттуу туурунда конуп тынч отурат, чаркырап жатып чарчап калган окшойт.
Эне кушту канатынан сылап:
– Жарыктыгым, сен болбосоң эмне окуя болот эле баламын коргоочусу, акылманым,– деп кушту куйругунан сылады. Куш эненин кыймылын жактырган жок окшойт, ал бешиктин аягына конуп алып тынчтанып калды. Аңгыча боз үйдүн ичине адамдар толуп кетип өрттөнгөн боз үйдүн керегесин, чийин карап жатты:
– Жарыктык куш бул сенин балаңын коргоочусу экен.
– Касиеттүү куш баланы сактап калды.
– Өрт бешикти каптап кетсе эмне болот эле.
– Атасынын кушу, атасынын арбагы наристени сактап калды.
– Куш болбосо, баланын тагдыры эмне болмок.
– Жаратканым жакшылыгыңды бере көр.
– Бир гана жараткан Теңирим ыйык.