Выбрать главу

Эртеси эне тогуз токоч бабеедин жасап, кудайдан жардам тиледи. Бапа ата ак боз бээни сойдуруп Төрөкочкор атага дагы куран окутту.

Мезгил өтүп бала чоңоё берди.

Күндөрдүн биринде аксакал карыялар Токтоайымдын үйүнө кирип келишти. Эмне үчүн келгенин эне айтпай эле билип турду. Ошондо эң кары ак сакалчан карыя айтты:

– Айланайын Токтоайым балам, сөөгүң сарбагыш уруусунан болгон менен кан-жаның бугулук биздики болуп калды, тагдырдын буйругу ошол экен Төрөкочкор уулубуз бизди таштап жол кетти. Жазуу буйрук ушул экен. Жеке сен эле эмес биздин ичибизден да кан өтүп ушул кезге чейин өзүбүздү токтото албай жегенибиз желим, ичкенибиз ирим болуп турат. Өлгөн өлөт экен, өлбөгөн калат экен эмне кылабыз. Ата бабабыздын салты ушул. Күйөөсү өлгөн аялды бирөөгө баш байлап коюу парз. Ал үйгө бирөө ээ болуп, ургаачы ошону менен бир жашаш керек тура. Бул күйгөн очок ээн калбасын дегени экен. Анын балдары атасы жок жетим калбаш керек окшойт. Ал ата-бабанын салты экен. Ошол үчүн сени Кыдыкка баш байлайлы,-деп чечтик.

Эне бул сөздү угуп бышактап ыйлап жиберди. Дагы бир карыя:

– Кой, Токтоайым балам, эстүү адамсың, эстүү адам өзүн токтоо кармаш керек.

– Ал менден жаш го

– Эч нерсе эмес, жаш болсо жетилет жашоону көрөт. Сенин үйүңдөн эркек танаа кирип -чыгып турсун. Балам сен дагы бирөөгө жармашып түтүн булатып, эл-журтуң менен бол!

Ошентип молдо нике кыйып, ак боз бээ союулуп эл бата берди.

Мезгил өтүп, куржун эс тартып, кайрат күчкө чыңалып чыкты. Ал жаш чагынан эле мекенчил элин сүйгөн пенде болуп чоңоюуп келе жатты. Канча кылса да акылман баатырлардын тукумунан эмеспи аларды тартпай койбойт экен. Ал атасы Төрөкочкорду эстегенде арманы башынан ашып түшүп эмне кылаарын билбей калчу. Ошол үчүн бала кезинен эле балдар менен күрөшкө түшүп, айрыкча жаа тартып, аны түз атканга аябай үйрөндү. Өзү жааны эң сонун кылып жасап алчу. Ал асманда учуп бараткан канаттууну түз атканга аябай үйрөндү. Бул үчүн ага көп эмгек талап кылынды. Далай жолу аракеттенип машыкты, акыры жааны көздөгөн жерине атып калды. Буга ал аябай сүйүндү. Бала бой жетип, баатыр чалыш болуп чыга келди. Эл аны Төрөкочкорго окшош, ошонун эле кичирейтип койгон түрү деп айтышчу. Ошол үчүн аны энеси Токтоайым дайыма үйрүлүп ага көз салып аман-эсен болушун каалаган.

Андан бери кыргыз жерине эчен жолу кыш келип, эчен жолу жаз кетти. Убакыт биринин артынан бирин куушуп өтүп жатты. Далай жолу ак кар басып кыш келип, эчен ирет жаз келип, жер түрлөнө көркү чыгып жатты. Жаштар чоңоюп бой тартып, карылар аларга орун бошотуп берип жатты. Жашоонун заң закону ошондой болуп, анан адам пендеси эмне кылмак.

Кокон хандыгынын эзүүчүлөрү дале бугу уруусунан алык-салык зекеттерди жыйып алып кетип жатты. Баягыдай эле хан ордосуна кыздарды алып кете берди. Анын эсине төмөндөгүдөй бир окуя эстен кеткис болуп калыптыр. Анда баланын жетидеги чагы эле. Азыр мезгил өтүп жыйырмага чукулдап калбадыбы. Ошолордун айлына жакын жерде сару уруусунун боз үйлөрү бар эле. Алардын Кундуз деген кызы болгон. Кундуз кундуздай эле аябай сулуу экен. Куржун экөө ар дайыма жолугуп, сөз бекитип келечекте үйлөнөбүз деп,жакшылыкка бел байлап жүрүшкөн. Кырдач муруну бетинин аппактыгы мойнунун узундугу, көзү бакыракай олоң чачын беш көкүл кылып өрүп, татынакай ак жүзү жаратлышынан жигиттердин эсинен кетпей өтө сулуу кыз болгон. Ошол сулуу кыз да Куржунду жактырып, аппак жүз аарчыга гүлдүн жана жүрөктүн сүрөтүн жип менен сайма кылып, белек катары берген. Жигит аны аарчынып булгабай эле анда-санда ошол жүз аарчыны карап дайыма караса кыздын элесин көз алдына келе берчү. Анын атасы катуу оорудан өлүп, эки бир тууганы жана сүйүктүү энеси бар эле. Кокондон келген сарбаздар ошол кызды алып кетебиз дешти. Кыздын энеси буга такыр көңүлдөнбөдү «андан көрө мени өлтүрүп кеткиле» деди. Кыз да айтты: « Мен барбайм» деп болбой койду. Бирок Кокондук жигиттер кызды сордуктап арабага салды. «Мейли» деп кыз көңүлдөндү. Анан чоң шаркырап аккан сууга келгенде кыз арабадан түшө калып сууга денесин таштады. Эки сарбаз жигит артынан сууга кошо кирди. Катуу кирген суу үчөөн тең таштан-ташка уруп дайынсыз агызып кетти. Кийин кыздын денесин суунун ортосундагы аралчадан таап келип жайына беришти. Куржун атасын эстеп, андан кийин бул арман анын көңүлүндө түбөлүк каар болуп жашап калды. Ал Кокондук сарбаздардан кандайдыр бир жол менен өч алууга даярданып жүрдү. Анын эсинде кетпес кек, каар жашап калбадыбы. Бирок такыр билгизбеш керек билсе чыр чыгып, сепилден кишилер келип бүткүл айылды балакетке салат. Бой жетип калган жигит бул жагын да аныктап чыкты.

***

Ошентип мезгил өтүп, ак булуттар тоого көчүп жатты. Күн ысып желеге жакын жерде башын кыймылдатып, беелер ылоолойт. Уйлар сайгактап, сууга карай качып, кара жаны менен алек болот. Чөпкө тойгон койлор жуушаш үчүн көлөкө жерге ык коёт. Тоолордун башындагы булуттар гана аскаларга байланып тургансыйт. Карыялар мындан ары күн ачык болот деп божомолдоп жатышты. Тоо чабалакейлери тынымсыз саз өрдөй сызып абада баратып чымын-чиркейлерди кармап жейт. Суу тарптагы көлмөдөн биз дагы барбыз деп каз-өрдөк каркылдай үн берип жатты. Түркүн-түстүү калдыркан көпөлөктөр гүлдөн гүлдү тандап, кооздук таратып учуп жүрүшөт.