Тоонун этегиндеги шар аккан суунун жээгинде бугу уруусунун баатыры Белектин үйлөрү. Аялдар бээ саап, май сызгырып, курут жаят. Балдар козу кайтарып, энелер кийиз бышырып, төшөк каптайт. Байбичелер ийик ийрип бошошпойт. Кыскасы ар бир киши өзүнүн иши менен алек. Ошол күндөрдүн биринде чептен боз үйлөргө ала топу, сары чапан кийген белине жоолук курчанган үч сарбыз келди. Жана дагы байланган канжарлары салпактап жүрөт. Белек баатырдын элинен салык алып кетмек болуп келишти. Белек баатыр:
– Салык бербейбиз силер биз үчүн эмне кылып жатасыңар. Жада калса тирек болуп, калмактардан да коргой албай жатасыңар,-десе, Ала топучандар: – Анда биз силерден күчкө салып барымтага ак үйгө адам алып кетебиз,-деп чыр чыгарды.
– Силер менен биз алыша албайбыз уулубуз Төрөкочкор эмне болду,-деп аксакалдар кайрылат. Ошондон кийин Кокон хандыгына элдин жүрөгү сууп калган эле. Ал кезде кокон хандыгы бир-бирине каршы болуп өз айласын таппай жаткан учур болчу. Алардын негизги максаты элден салык жыйнап алуу болгон. Куржун атасынын куну үчүн үч сарбазды садага чаап жок кылгысы келди. Анын жүрөгүндө Кундуз сулуунун элеси уялап алган эле. Кыздын жаркын элеси жүрөгүндө түбөлүк кетпей калгандай болгон.
Салык жыйноочулар саруу уруусуна карай жол тарткан. Күн так төбөгө келип, мезгил чак түш болуп калган. Алар эч кимге көрүнбөгөн бадал чердин арасындагы булактын жээгине отуруп, тамак ичкенге киришип, баштыгынан нан, эт, жер жемиш алып чыгып тамактанууга отурушту. Куржун атасынын кунун кууш үчүн аларды аңдып келатат. Колунда учкул жаңы жасалган жаа, кылыч, канжар. Сарбаздар аттарын тушап, тамакта тоё ичип, уктап эс алганга киришти. Куржун да ушул маалды күттү. Ушул кезде Куржун жаасын октоп, алардын ичиндеги эң чоңун меелеп атып калды. Ок тийгенде алиги адам чалкасынан кетип жыгылып калды. Экөө аны тегеректеп кармалап жатты. Куржун дагы мээлеп туруп, бирөөн атты ал дагы алы кетип сендиректеп барып жерге жыгылды. Үчүнчү сарт кылычын алып атты карай чуркады. Куржун дагы аны атты эле, ал ичин кармап жерге карай өбөктөп жыгылды. Куржун ага жетип барып, кылыч менен кежигеге тартып-тартып жиберди. Ал жерге жыгылып күм-жам болду. Берки экөөнө келсе, бирөө кыймылдап жаткан экен. Аны кылыч менен моюнга чаап бир жолу тындым жасады. Ал отуруп демин ичине тартып эс алууга өттү. Бул окуя көз ачып жумганча болуп өттү.
Ал эс- учун жыя албай отуруп калды. Анан бир аздан кийин эсине келди. «Бул окуяны бирөө көрүп айтып коюушу мүмкүн»– деди да адамдардын сөөгүн бир жерге жашырыш керек экендигин түшүндү. Ал суунун жээгинен чуңкур жерди издеп, андай жерди тапты. Жаны жок денелерди ошол жерге сүйрөп келип чуңкур жерге жаткырып, жардын топурагын уратып көөмп салды. Сарбыздардын денелер өөр экен аны сүйрөгөндө чарчап калды. Атардын ээрин алып калың чердин арасындагы адам барбас жерге катты.
Жылкыларды адам барбас коктуга айдап барып салды. Куржун шашып- бушуп энесине болгон ишти айтып берди. Токтоайым калтаарып коркуп,-«Кокуй билип калса анык балакет болот,– деп болгон ишти Белекке баяндады. Белек жанына бир сырдаш досун ээрчитип, эки күрөктү алып, Куржун үчөө баягы суунун жеегине келе жатышты.
Үчөө суунун жээгине келип сарттардын денесин адам тапкыс чуңкурга көөмп, үстүнө ача алгыс кылып таш бастырып салды. Ал эми аттарды түн ичинде айдап келип союуп алышты. Булар калмактардан айдап келген жылкылар болчу дешти. Чүйдөн беш сарбыз келип, жок болгон береги үч адамды таба албай жүрүштү. Кайдан табылат. Кекенген бала атасынын кунун кууду.
Эми ошол окуя болгондон бери бар канча кылым өттү. Бирок бабалардын санжырасы унутулбай айтыла берет. Бир гана аны унутулуп калбас үчүн кагазга түшүрүп коюуш керек. Ошол иш ошол болду. Мезгил болсо закымдап өтүп жатат. Бирок кагазга түшкөн санжыра эч убакта унутулбайт. Аны кийинки муун кагаздан окуп аны санжыра-жомок кылып айта берет.
ТОРГОЙ БААТЫР
Берен Торгой атанын
Баатырдыгы дакталган
Аты болуп улама,
Артында өлбөс ыр калган.
Куржун атанын улуу баласы Торгой Жараткан Алаанын ырайымы менен беш уул, үч кыздуу болду. Алар Беккулу, Майназар, Бектемир, Муса жана Бекназар эле. Торгой кудайга жалынып «Ушул капсалаңдуу заманда элди эр жигиттер коргоп, журт жоонун колуна түшүп калып, кор болбосо экен»– деп келечекке өй жүгүртөт. Жер айланып, убакыт жылып, Торгой атанын беш баласы бат эле чоңоюуп, бой тарта келишти. Алар Чоң Нарын, Кичи Нарын, көл өрөөнүндө бир жерден экинчи жерге мал менен көчүп-конуп жүрүшкөн.