Уламада «Кыргыз кайың саап» деген сөз бар эмеспи. Калмактардын эзүүсү улама, санжырада арман болуп кала берген. Алар биздин көлдү, Ала Тоону ээлеп алып, калкыбызды башка жакка сүргүсү келген. Ошондой эле болгон. Кыргыздын баатырлары калмактарды башка жакка айдаган, айласы кеткен калмактар Россияга кайрылып, азыркы Калмакстан деген жерди алып бизден такыр башка жакка сүрүлгөн. Манастагы Коңурбай менен хан Жолойдун баянын эсте эмеспи.
***
Ошол мезгил токтобой өтүп жатканда касиеттүү Торгой ата Чүй жерине барып келгиси келет. Ошол жакта анын Атабек деген белгилүү бай кудасы бар эле. Ал кенен Чүйдүн атактуу бай кишиси эле анын миңге жакын жылкысы, короо-короо койлору, тоодо тооздору, созулуп жаткан талаасында жүздөгөн адамдар иштөөчү экен. Кудасы атайын Торгойду бир канча күнгө конок болуп эс алып кет деп чакырган. Ошол кезде Чүйлүк баатырлар жигиттерин топтоп өзүнчө кошуун курап, басып алуучуларга каршы күрөшүп биринин артынан бирин сүрүп чыгарып жаткан учурлары эле. Торгой да ошолордун кошуунун тартибин үйрөнүп, жигиттерин алардай кылып уюуштургусу келген.
Атабек атаны көп жерге ээрчитип барды, ал эл – жерди коргоп уюштуруп жаткан жигиттерин көрсөттү. Алар Талас жерине чейин барып, далай аймакты кыдырып көрүп, акыры ата көлгө кайтаар учуру келди. Торгой дагы Атабекти орум-жыйым бүткөн эмки күз мезгилинде сый конокко кел» деп чакырды. Алар бир-бирине ыраазы болуп коштошту. Торгой ата конокко үч кишиси менен барган эле. Үчөөнө келишкен үч жорго мингизип, келишиимдүү ичиктерди кийгизип ыраазы кылып узатты. Алар бир топ күн болуп, эс алып, кайра кайтып келатышты. Негизи Атабек куданын сыйына ушунчалык ыраазы болушту. Алдыда созулуп жол жатат. Күн аябай ысык. Аларды жолдон бир чаар кулун болбой ээрчип алды. Кулунду жигиттер айдап отуруп, үйгө желенин жанына айдап келди. Муну көрүп Атабаек:
– Ой, котур болгон немеге карабай эле кете бергиле, бул өзү талаадан биздин жылкыларыбызды ээрчип келди. Бул эмнеге жарамак эле маа десе талаада калып, карга –кузгун жеп өлсүн, ансыз деле ушунча малды бага албай эзибиз ооп отурат.-деди.
Жолочулар аттарын желдирип жол жүрүп келатышты.
Көптөн бери жаан басылбай жаап кара таштын бетине да гүл өскөн. Жол боюнда жалбыз, кызыл гүлдөр, жоогазын гүлү көзгө жугумдуу көрүнөт. Ары жакта коко тикендүү аймак созулат ал жерде беш-алты төө жайылып жатат. Саздуу жээктерде бой керип өсүп келаткан камыштар. Тигинде торгой куш көккө көтөрүлүп сайраса, калың бактуу жерде күкүк бир ырын токтобой төгүп жатат. Ал эми бобу карагайлуу черде кол башындай жапан куштар өзүнчө бир керемет ыр төгүп жатат.
Жолочулар токтобой жол келатат. Күн ысыгына ымшып тердеп кетишти. Алар артын караса, баягы чаар кулун дале токтобой ээрчип келатат. Жолочулар:
– Ой, бобу чаар кулун эмнеге бизди токтобой ээрчип келатат.
– Тим кой, ага биздин эмнебиз кетип жатты эле бир кезде баса албай артта калып өлүп, карга кузгунга жем болот.
– Биз эмне ушуга карамак белек, алыска жол жүрүп айлыбызга ылдам жетишибиз керек.
– Өлсө өлө берсин ага биздин эмнебиз кетип жатты эле.
– Кой ылдам кетели жол жүрбөсөк болбой калды.
Алар тынбай кетип баратты.
Баягы кулун артынан калбай ээрчип келатат.
Үч жолочу жол жүрүп келатат. Үчөө тең элдик санжырага жакын эле айрыкча Торгой ата санжыра дегенде жантыгынан жата калчу. Ал кишинин үнү өтө коңур келип, кепти маңыздуу баштап, анан улап жүрүп отурчу. Эч убакта бир сөздү кечке кайталап адамды чарчатчу эмес. Анын санжырасын укканкиши «дагы айта берсе» деп самоочу. Ырас Атабек куда да, санжыраны арбын билип кебин ушунча уккулуктуу айтат экен. Торгой ата ал кишиден солто, кушчу, найман, черик, нойгут урууларынын санжырасын кызыгып угуп алды. Айрыкча ал Солто, Курманбек, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Үчкө, Түлкүлөрдүн санжырасын сай медиреп айтса жөн эле бир укмуш ширин. Атабек менен Торгой далай түндө уктабай санжыра айтып чыгышты. Экөө кээ бир жеринен талышып да кетип жатты. Торгой ата бул жактан дагы көп санжыраны үйрөнүп алды. Атага Атабек куданын сөз сүйлөгөндө чечендиги укмуштуудай жагып калды. Ал куйма кулак бир сөзүн кайта кайталабаган кепти мааниси менен айткан чоң санжырачы болчу.