– Торгой баатыр Кутунай жекеге чыгууну каалап жатат,– деди.
– Макул ошондой болсун баатырыңарды камдагыла!
Калмак тарап кичине буйдала түштү да, анан Кара аргымагын каргытып бирөө чыкты. Кебетеси дөө сыяктуу чоң адам, аты да ыргыштап токтоно албай турат. Кыргыз тарап кичине сестене түштү.
– Калмактын кайсы баатыры, денеси эң эле чоң экен?
– Каапыр кебетеси суук, такыр башкача тура.
– Бул ким ия?
– Ой, бул калмактарды баштап келген Кутунай алптын өзү тура.
Кыргыздар кимиси чыгаары белгисиз жымжырт болуп калышты.
Калмактар катуу кыйкырып:
– Жабуу, жабуу, жабуу,-деп үн чыгарып жатышты.
Ошондо Торгой баатырга Шыгай баатыр аты менен келип:
–Торгой аба Кутунайга каршы мен чыгайын,– деди найза кылычын кармалап.
– Кой болбойт тиги тараптын кошуунду баштап келген баатыры чыгып жатса, мен быякта турганым болбойт, мен силерди баштап келгем мен чыгам.-деди да, аттан түшүп, басмайлын, көмөлдүрүгүн бекемдеп, кылыч, найза, чокмор, калканын кармап жаныбар Закымга минип, Кутунай тарапка куюундаткан тейден кетти. Кырыгыздар:
– Кыргыз!
– Кыргыз!
– Манас!
– Манас!
– Торгой!– деп үн чыгарып жатты.
Эки баатыр кармашканга өттү. Алар бир пас сүйлөшүп калышты.
Торгой баатыр Закым аттын үстүндө туруп, кезекти Кутунай алмай болду. Кутунай баатыр Кара аргымагынын үстүндө Найзасын мелжите мээлеп, Торгой баатырга каршы келатты. Торгой баатыр калканын белендеп, найзасын Кутунай тарапка каратты. Кутунай күч менен урууга камынды, ошол кезде калмактын найзасын калканы менен тосуп, албарс кылыч менен найзаны чапты эле найза кылычка туруштук бере албай бөлүнүп кетти. Анын үстүнө Закым жаныбар да буйт берип секирип кетти. Кутунай багытынан адашып, найзаны жакшы ура албай калды. Эмки кезек Торгой баатырга келди. Кутунай дөө кара аргымактын үстүнөндө куралдарын белендеп турат. Торгой баатыр найзасы мелжите мээлеп катуу чаап келатты. Кутунай калканын жакшы тоскон эмес экен найза калкангы тийип, анан сүрүлүп барып, Кутунайдын оң каруусуна сайылды. Калмак аз жерден аттан кулап кете таштады. Анан барып боюн түзөдү. Бирок калмактын оң колу жакшы күч бербей калганы байкалды. Торгой баатыр ошону билип эми чабуулга катуу өттү. Калмак дагы алынын келишинче коргонуп жатты. Бир кезде Торгой калмактын оң колун кыя чапты да карууга катуу уруп калды. Калмак ат үстүндө тура албай тоодой болуп кара аргымактын үстүнөн кулап түштү. Торгой баатыр калмакты аяп тийген жок. Ошол кезде кыргыз кошуун «Манас!», «Манас» деп ураан чакырып чабуулга өттү. Кутунайдан айрылган калмактар эмне кылаарын билбей качып калды. Кыргыздар жете келип калмактарды ат үстүнөн торойто чаап жатты. Иши кылып кыргыздар далай калмакты аттан оодара сайып, аябай алын кетирип салды. Калмактар жан айласы кылып качып калышты. Ошол майданда бир топ калмак каза болуп, далайы катуу жарадар болду. Береги чабуулдан кийин калмактар такыр баш көтөрө албай калды. Анын үстүнө алардын биримдиги жок сандалган калмактар ар бир коодо өз турмушун өтөп жаткан эле. Ошол майдан ошол болду.
Эмки кезек казактарга келди окшойт. Чек арада турган казактардын жигиттери кутуруп, кыргыздарга каршы аттанып, жылкыларын айдап кетип турду. Бир канча жолу Торгой баатыр: – Бир тууган элбиз, биз силерге тууганбыз, тили- дилибиз бир,– деп далай жолу эскертти. Бирок казактардын көпкөн жигиттери көнө турган эмес ансайын күч ала баштады. Ошондо Торгой баатыр кырк жигити менен жылкыны кайтарууга алды. Ай караңгы түн. Торгой баатырдын жигиттери көрүнбөй жылкы четинде куралдарын алып даяр турушту. Бир кезде аркы жактан топ караандын келе жатканын көрүштү. Жигиттер бир-бирине кабар беришти. Казактар үн сала жылкыларды кууп киришти. Даяр турган жигиттер чокмор менен казактын жигиттерин торойто чаап аттан кулатып жиберишти. Жыйырмадай жигит келиптир анын жетидей эле түн жамыа качып житип жоголду. Торгой баатыр жылкыларды кайра адап келип, казактын колго түшкөн жигиттерин чыккыс кылып бекем жыгач үйгө камап салышты да кароолду бекемдеп койду. Эртеси эле түштө бир айгыр үйүр жылкыны айдап казак баатыры Элдос Торгой баатырга келип, башын ийип кечирим сурады. Торгой баатыр:
– Канча жолу айттым, силер эмне калмак болуп кеттиңерби, тили- дини бир эл экенбиз, бирөө укса эмне дейт,-деп Элдос баатыр тарапты уяткарды. Жыгач үйдөгү жигиттерди бошотту. Пейли кенен Торгой баатыр жылкынын этин салып Элдос баатыр тарапты жакшы коноктоп, айдап келген айгыр үйрүн албайбыз деп кайра берди казактар ырахмат айтып уят болуп кайра кетишти. Ошентип баардык эл менен достукта жашап кыргыздардын жашоосу жакшы өтүп жатты. Ошол иш ошол болду. Андан башкача болгон жок.