Выбрать главу

***

Күндөрдүн биринде Торгой ата ойго батып, санаасына бир нерсени салып жүрдү, «жЖашым да өтүп баратат, кокус көзүм жумулуп кетсе, балдарым мал талашып элге-журтка кеп болбосун»– деп балдарына анча-мынча жыйган дүйнөсүн бөлүп берүүгө шашылды. Күндөрдүн биринде ал балдарын жанына чакырып кемпиринин көзүнчө айтты :

– Төрөкочкор чоң атам өлүп, андан жалгыз Куржун төрөлдү, атам мени канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай жакшы өстүрдү анысына ырахмат. Атам мени акылдуу уулум дап эң жакшы көрчү. Бир олуттуу иш жасаарда менин менен кеңешип калчу жарыктыгым. Ал балдарын «Бөлтүрүктөрүм» деп эркелетер эле. Элде «Карынын кебин капка сал, улуунун кебин угуп ал» деген асыл макал бар эмеспи. Колумда бирин-экин байлык турат, көзүм өтүп кетсе, балдарым мал талашып элге-журтка уят болот. Жашым улам өйдөлөп баратат ошол үчүн энчи бөлүп берейин,– деп демиккенин басып токтолуп калды. Анан бир паска эс алды да:

– Мына баарыңар арай-чарай бул жерде отурасыңар, бизде Чолпон ата туягы үч короого жетет, Камбар ата саны төрт үйүр, топоз, уйдун саны жүздөн ашат. Аларды баарыңар бирдей бөлүп алгыла, колумдагы ак жоргону улуу балам Беккулу сен ал, аны менен кошо Ак шумкарды алып кең талаада жорго салдырып жүрө бер. Экинчи балам Майназар сага «Алааяк» күлүгүмү анан аң улаганга кызыгасың, сага мылтыгымы, жана бүркүтүмү берейин.

Карыя бир азга сүйлөбөй эс алып алды. – Андан кийинки уулум Муса сен дагы бар эмесиңби, сен капкан салганга маш элең мен сага экинчи кара мылтыгымы жана «Качырбас» деген шумкарымы берем. Буларды алып улуу тоолордо аң уулап жүрө бер. Андан кийинки балам Бектемир сен мында турасың. Сага Кашка жоргому, Боз ылаачынымы жана кийик кууган эки тайганымы берем. Улгайган ата балдарынын баардыгына энчисин ойлогондой кылып бөлүп берди. Ата бир азга эс алды да анан:

– Балдарым мен улгайып калдым таарынбайсыңарбы?

– Таарынбайбыз ата ыраазыбыз.

– Сиз баарыбызды нааразы кылбай ойлодуңуз.

Майназар:

– Ата калмак кулдарды эмне кылабыз?

– Баса мен аларды унутуп баратыпмын, Менде он кулум бар эмес беле. Улуу балам Беккулу Каабын кулду жана дагы үч кулду сен ал, Майназар балам сен дагы үч кулду ал, калганың төртөөң эки экиден бөлүп алгыла,-деди.

Кулдарга өтө этият болгула, бир балакет кылып, калмактарга карай качып кетпесин. Тынымсейит туугандардын Алжанбайын билесиңерби аны өлтүрүп калмак кулу калмакка карай качып таптырбай кетпедиби. Беккулу сен Каабынга өтө сак боло көр,– деди ата катуу эскертип.

Ал демигип калды окшойт азга эс алып, алдындагы турган кымыздан кылкылдата жутту.

Анан карыя эс алып, бир топко сүйлөбөй отурду. Сырттан бир келин сорпо алып келип суна баштады. Карыя такыр сүйлөгөн жок. Ал эмнегендир өткөн өмүрүн эстеп жаткандай туюулду.

Бир азга эс алып анан асыл карыя сөз сүйлөй баштады:

– Балдарым силерге айта турган осуят сөзүм бар баягы Торгойдун балдары ынтымагы жок деген сөз айтылбасын. Жана дагы күздүн ортосунда биринчи кар түшкөндө эл калың кийинип калгада тиги дүйнөгө кетет окшойм. Мага жаратканым ошондой аян таратты. Сөөгүмдү Нарындагы Ала Мышык тоосундагы Кара Үңкүрдүн маңдайына койгула. Денем Бугу энем баскан тоонун аймагында турсун. Кары адам осуят –керезин көпкө сүйлөп койду окшойт демигип алы кетип калгансыды.

– Ата эс алчы, баары силер айткандай болот,– деп аны балдары тынчытты.

Баардыгы жай-жайына кетти. Торгой атанын башына жаздык коюп үстүнө карышкыр ичикти жапты. Карыя бат эле коңурук тартып уйкуга көшүлдү.

ТОРГОЙ АТАНЫН КАЙТЫШ БОЛУШУ

Анжиянга кеткен соодагерлер ишин жакшы бүткөрүп, кайра аман-эсен кайтып келишти. Бала бакырага мейиз, набат, кант, шайы кийимдер, маасы, көлөч деги койчу баарын алып келишти. Баарынын үстү-башы жаңырып эле жатып калды. Айрыкча аялдардын кийми жашыл, кызыл, сары түскө бөлөнүп, тулку боюу жаңырып жыргап калышты. Беккулу атанын сүйгөн жары Ак келин, Сулуу келин, Наз келин деп аттарынан айтпай эркелетип айтышчу эмес беле. Бул келиндердин үстү-башы жаңырып, ого бетер сулуу тартышты. Ишмер энелер үй-бүлөсүнө түркүн кийимдерди тигип киришти. Ак келин менен Наз келин кийимди келиштирип тиккен ишмерлер эле алар Торгой атага кымбат терилерден келиштирип тебетей жасап беришти.

– Асыл ата муну кийип алыңыз,– деди атасына сылык түрдө.

Ооруп жаткан касиеттү ата тебетейди кийип күлүп шаттана:

– Кагылайын келиним, мени он жылга жашарттың го, сени Бугу эненин арбагы колдосун,-деп эки алаканын жайып сонун батасын берди.