Выбрать главу

Бирок Торгой атанын ал-абалы күн өткөн сайын начарлай берди. Кыраакы адам алдыны даана билген пенде эмеспи, кайтаар күнү баягы өзү айткан күнгө туш келип баратты. Муну сезген Беккулу туугандарына айтты:

– Атабыздын абалы начарлоодо, өзүнүн кереези боюнча, Ала Мышык тоосунун маңдайындагы Алсейит, Тынымсейит аталар коюулган Арчалуу Булакка коёлу дешти. «Кокус карыя кайтыш болсо, сөөктү унаага жүктөп, убара болобуз». Ошондуктан атаны жоош күлүк жоргого мингизип, көчүп жүрүп отурушту. Малды балдар айдап, көчкө Майназар, Муса, Жолчоролор көз салып келатты. Алар Ала Мышык тоосуна жетип, шамалы жок ыктоо жерге көчтү кондурушту. Кыраакы Торгой ата мунун баарын билип турду. «Баягы менин айткан кереезим боюнча көчүп келди» деди.

Көчүп келген күнү бийик дөбөгө чыгып, карыя эки жакты ойго батып телмирип карап турду. Жарыктык бул жерде өткөргөн ата-бабаларынын өмүрүн, өзүнүн мурунку жаш чагын, дагы кайтып келбес убагын эстеп жаткандыр. Алсыз карыянын бети колу ызгаар суукка үшүп, денесине кан жүгүрбөй калгандай сыяктанды. Ал эки колун жеңине катып, үшүгөн кулагын колу менен мыжыга кармалады. Анан ал Ала Мышык тоосун карап кобуранып койду, анын көзүнө бир нерселер үрүл-бүрүл күүгүмдөнө көрүнгөнсүдү. Он алты айры мүйүздүү бугу эненин элеси тартылды. Бирде бугу бирде элечекчен эненин элеси көз алдына даана көрүнгөнсүдү. Касиеттүү баатыр карыянын көз алдына ошондой элес көрүнсө көрүнгөндүр. Же бугу эне өз тукумун «чарчадың эми биз менен бол» деп ээрчитип кетип жаткан элестир. Ал Алсейит, Тынымсейит аталары жаткан жерге барып куран түшүрдү. «Карганымда балдарымы кыйнабай кете берсем» деп ойлонду

«Элге журтка жыгылып калып уят болбойлу» деп Майназар атасын карап жатты. Жоош ак боз жоргону минип, ата үйүн карай келаткан экен. Баласы карыяны аттан түшүрүп, боз үйдүн эшигин ачып үйгө киргизди.

– Бабаларыбыз жаткан жерге куран түшүрүп келдим,– деди карыя.

Ошол күндөн баштап атанын ден соолугу болбой баратты. Туруп-туруп эле демигет. Бир жөтөлсө бир далайга жөтөлүп, тынчы кетет. Балдары ага кайнак жылуу суу ууртатып турду. Көзү үргүлөп кетет да, «Куржун, Кыдык, Белек, Бооке» деген сөздөрдү элес-булас сүйлөп жатты. Анан эле көзүн бакырайта ачып, « Кайрандарым мени чакырып жатпайбы» дейт. Угуп тургандар жакасын кармап таң калышты. Анан бир кезде көзүн чоң ачты да:

– Балдарым, менин сөзүмү уккулачы, менин кетеер күнүм жакындады айтаар кебим ынтымактуу болгула! Мүйүздүү эненин арбагын сыйлап, жер үстүндө жакшы өмүр сүргүлө, бирге болбосоңор ырыскыңар кетет. Башка эл силерди бат эле каратып алат. Айланаңарда кара кытайлар, уйгурлар, өзбектер жана башка элдер турат. Карыя сүйлөп жатып, алы кетип демикти. Көзү анан илинип уктап кетти. Ошентип бейшембинин күнүндө, жуманын түнүндө белдүү карыя жалган дүнөдөн чын дүнөгө узап кете берди. Санжырачы карыялар күн санатын сүрүп келсе, бугу эненин узаган күнү менен тушма- туш келгенин баамдап чыгышты. Ошонун эле түнүндө кыламык кар жаады. Бугу эне да кетеерде ушундай кыламык кар жааган эле. Ошол түнү наристе балдар түшүндө бугу энени көрүшүп анын үнүн угушуптур. Адамдар шашып-бушуп Торгой атаны чоң боз үйүн тигишти. Карыяны майрам сууга алып, кыбыланы баштантып жаткырышып, балдар боз үйдүн тегерегинде «атакелеп» өкүрүп жатышты. Чабагандар, чар тарапка чапкылап, «белдүү адам өттү» деп кабар таратып жүрүштү. Кемеге оюулуп, чоң тулга коюулуп, келиндер боорсок бышырып, бата кылып, мал союулуп жатты. Атанын узатуу ариетин кылып алыс жакын тараптан тааныш адамдар, сөөк жакындары, кудалар баардыгы келип жатышты. Үчүлүк, жетилик, кырк ашын берип, сакалын ак баскан молдо дайыма куран окуп турду. Анан башка жылуу жактарга көчүп кетишти. Кийинки жылы күзгө жуук тартканда, мыйзамдын гүлү учуп турганда, мал семирип нык тартканда арбакты эскерип бир жылдык ариетин өткөрүштү. Баардык ариетти өткөрүүдө Торгойдун баласы Беккулу тикеси менен тик турду. Эл ага аябай ыраазы болду. Ошондон мындай деген ыр калыптыр:

Торгой чалдын ашында,

Беккулу турду башында.

Толгон күлүк чабылды,

Далай аттар байге алды.

Жарды жалчы этке тоюп,

Үйүнө кайтты топоюп,

Ашты жакшы өткөргөн,

Балдарына ырахмат.

Өкүм болуп токтобой,

Өтөөр мезгил ыраактап.

Ошондо ат үстүндө жар чакырган ырчылар жамактап ушул ырды ырдаган экен. Бул ошол узун ырдын бир үзүмү гана экен. Ырдын калган бөлүгүн карт тарых унуттуруп салыптыр.

БЕККУЛУ АТА

Беккулу деген атадан,

Үч шумкар өсүп жаралган.

Үмүт жанып алдыга,

Үчөөнөн үч жол тараган.

Беккулу деген атанын,

Үч уулу чыгарды атагын.

Үчөөнөн үч жол таралып,

Алыска кетти жол алып.

Касиеттүү Торгой ата Беккулудай уулду болоордо бир түш көрүптүр. Ал кезде Торгой ата Кичи Нарын жерин жердеп турган экен. Ата талаадагы малын көрүп, келип аялына кайрылат: