– Мал деп жүрүп, чарчадым го, балдарым болсо ошолор карабайт беле,– кейиди.
- Сен эмнеге кейийсиң, кулдарың бар эмеспи, ошолор деле карап жатпайбы.
– Балага жетеби алар малдын ээси болот да.
Ошол күнү күн бүркөлүп, чагылган уйгу-туйгу түшүп, айлана даңгыр-дүңгүр болуп, жаан тынымсыз чакалап келип куйгандай болду.
Чарчап келген ата тамакты чала-була ичип, « чарчадым» деп тынч уйкуга көшүлдү. Уктап жатып ошол түнү бир кызык түш көрдү. Бой керген өтө бийик эки тоо анын ортосунда, созулган көз жоосун алган кооз өрөөн. Өрөөндүн ичинде алмабы, алчабы, анарбы иши кылып бир сыйкырдуу дарак өсүп турат. Түшүмү жөн эле төгүлөт адамдын көз жоосун алат. Жердин баарында мөмө-жемиш жөн эле жайнайт. Дарактын айланасында ак калпакчан аталар, ак элечекчен энелер, ат минип күлүк чапкан жигиттер, келишимдүү келиндер, сулуу кыздар жүрөт. Күн жаадырай тийип, кандайдыр бир өлбөстүктүн элеси келип тургансыйт.
Ата аларды карап таң калып:
– Булар кимдер эмнеге жүрөт,-дейт.
Анан эле жеерде ат минген бир киши чыга келип салам берет. Ата андан:
– Кадырлуу мейманым бул эл ким болот?-деп сурайт.
– Бул сенин тукумдарың болот ошону билбей турасыңбы,-алиги киши кетүүгө камынат.
Ата тиги кишиге кайрылат:
– Сен ким болосуң?-дейт.
– Мен Кыдыр алейсаламмын,-деп көздөн кайым болуп жоголот.
Ата касиеттүү Кыдыр алейсаламды сыйлап конок кыла албаганына катуу өкүнөт. Бирок аны көрүп, жолукканына жана сүйлөшкөнүнө аябай сүйүнөт.
Ошол көргөн түшүн энеге айтат эне турмуш менен алышып жүрүп көргөн түшкө анча маани бербейт. Бирок ошол көргөн түшүн ата өмүр боюу унутпай эсинде эстеп жүрөт.
***
Акылман Торгой ата тиги дүнөгө узады. Нааразы кылбай балдарына өз энчисин бөлүп-бөлүп берди. Балдары атанын калыстыгын баалашып энчилерин бөлүп алышты. «Балдарымын үй-бүлөлүк жумушуна кулдарым жардам берсин» деп аларды да бөлүп берди. Чоң калмак Каабын кул Беккулу атанын энчисине тийди. Каабын өтө күчтүү, сом билек, узун бойлуу, колдору шадылуу, денеси тарамыштуу, бир беттешкенин бербеген кара өзгөй адам болчу. Адам менен алышканда бир адамдын алы такыр жетчү эмес, аны менен күчтүү эки-үч киши кармашканда ошондо араң алы жетчү. Анын ойлогон оюунан кайра тартпаган кара бет ак санабаган эң жаман мүнөзү бар эле. Ал ойлочу «кыргыздар мени кул кылып жумшап жатат»– деп элдешпеген жаман жактары болгон. Анын мээсинде кыргыздарга шакардай кайнаган кастыгы кетпей туруп алды. Адам өзүн чебердеп, жакшы жүрүш-туруш менен алып жүрбөсө андай жаман сапат аны өлүмгө алып келиши мүмкүн эле. Анын акыл эсинде кыргыздарга элдешпес сезим пайда болду. Беккулу ата да Каабындан чочуп «бир нерсе кылбаса экен»– деп ойлонот. Каабынды аңдыш үчүн Майназардын кичүү уулун тыңчы кылып койду. Бир күнү Каабын берки жолдоштору менен биригип «кыргыздарга бир балакет шойкомдуу иш кылып, калмактарга качалы» -деп кеңешип жатты. Бирок калмак балдар анын оюуна көнө турган эмес.
– Беккулу ата жакшы качып кайда барабыз.
– Калмактар бизди такыр карабайт.
– Тирүү болсок ушул эл менен бирге эле бололу.
– Мени менен качпасаңар силерди жок кылып коём өзүңөр билгиле-деди Каабын түнөрүп.
Алар Каабын күчтүү болгондуктан, андан коркушуп, унчугушкан жок.
Айланага күздүн кабары жакындап, мезгил өтүп булуттар ката баштады. Чөптөр саргыч тартып, баягы алтын жай артта кала өтүп кетип, күз ата келатты. Эртең менен тарапты кыроо басып, түнкүсүн бир топ эле суук боло баштап, суунун үстү кичинеден айнектей болуп тоңо баштады. Быйылкы жай жакшы эле болду, малдын жонунан жылуулук өтүп, жаанда өскөн чөптөр жетиштүү эле болду. Төрт түлүк мал нык семирип, жаз менен жай берекелүү тартып, эл журтка жугуму тийчидей болду. Байртадан бери ата-бабаларыбыз мал менен жашап, мал менен келатпайбы.
Эми биз санжыра жомок баяныбызды уланта берели. Адамдардын турмушу жай өтүп, ал эми санжыра жомок баян бат айтылып ылдам эле бүтүп, турмуш өзгөрүлө берет эмеспи.
Беккулу атанын балдары кеңешип, үч жумадан кийин суук түшө электе кой айдап, түштүккө барып соода кылып келмей болушту. Түштүккө Каабын кул да кой айдамай болду. Ал кескин каршылык көрсөтүп, калмактарга качып кетүүнүн жолун ойлоп жатты. Каабындын ойун баардыгы айттырбай шекшимел болду. Айрыкча Майназар мунун баарын байкоого алды. «Баардык аттарды айдап кетип жөө калабызбы»-деп жылкыга мыктап кароол койду. Анын кыймылын Майназардын кичүү баласы аңдууга алды.
Малчылар жөнөөрдө ата катуу эскертти
– Бул калмак дөбөткө ар дайыма сак болгула, бир балакет иш кылбасын,-деп табыштады.