Беш баатыр түзөңгө түшүп келишти. Каабын түктүйө найзасын айбалтасын алып, кана кимиңер эр сайышка түшөсүңөр дегенсип, теңине албай күтүп турат. Кечөө эле тууган эле эми душман болуп чыга келбедиби. Тагдыр деген ушул экен. Колуна түшсө бир дагы киши аячудай эмес. Териси тарып, жедеп душмандыгы күчөп башынан ашып түшүптүр. Ат үстүндөгү Каабындын элеси өтө коркунучтуу сезилип, беш баатырдын жүрөгү сыздап кетти. Күчтүү кул биздин башыбызга кандай балеени алып келет деп санаага батты. Бирок берки баатырлар да оңой эмес эле.
Күн ачык асманда жору кузгун айланып турат. Ар кайсы жерден майда куштар үн салат.
Бешөөнүн заманасы куруп кандай тагдыр болоор экен деп турушту.
– Жолчоро аба эр сайышка мен чыгайын,-деп Абат.
– Жок сен жашсың, эр сайыштын ыкмасын жакшы биле элексиң. Эр сайыш менен ойноого болбойт, жаңылган кишинин башы өлүмгө кетет.
– Анда мен чыгайын,-деди Үсөнкул кыңырылып.
– Жок сен алдырып жибересиң Каабынга күчүң тең келе бербейт.
Үн жок тымтырс. Ошондо токтолуп туруп, Жолчоро сөз баштады.
– Мен чыгам,-деди Жолчоро баатыр.
– Абат Тору кашка атыңы мага бер.
Тору кашка жаныбар көп эр сайышты башынан өткөргөн албуут, оңтоюу келгенде эр жигитти кутултуп ойт берип кетме жери бар. Бир таканчык берсе ушул жаныбар таканчык берет. Оңтоюуна салып жоонун атын капталы менен уруп өтмөйү бар эле. Жолчоро Тору кашка жаныбарды минип, кылыч, айбалта, найзасын алып ат үстүндө дардайып турду.
– Манас баатырдын арбагы колдосун!
Төрт баатыр кыбыланы карап кудайга жалынып жиберишти.
– Атаңдын көрү бул кулду сүнөткө отургузуп алганда бир жолу биздин динге өтүп, кастык кыла албай калат эле,– деди Абаат аябай өкүнүп.
– Торгой ата өз дининде тим койгула дебедиби, муну ошентиш керек болчу. Эми карачы, ээ- жаа бербей кулдун кутуруп турганын.
Эки баатыр аттарын бастырып, түзөңгө келишти. Экөө тең бир-биринен кем калбаган баатыр эле. Чоңдугу боюнча Каабын олбурлуу болчу. Ал Жолчорону теңине албай мен-менсинип күлө карап шылдыңдагансып турду. Жолчоро ичинен ыза болуп « Коё тур кургурум, колума түшсөң, башыңды жеп тынам».
Жолчоро:
– Калмак качкыны эмесиңби ал кезметиңди, ким жаңылса, ал оңбой калат,– деди.
– Антпе, кыргыз каның төгүлөт, мен силерди өлтүрүп, каныңарды ичем.
– Каабын аны кезектеги кармаш чечет, эгер жеңилсең мен сени жөн койбойм.
Жолчоро куралдарын кармап, кармашка даярданып турат.
Каарданган Каабын Жолчорону оңтоюу келсе күм-жам кылып жок кылууну самайт. Каарданган Кабын Желгарага камчы уруп, чыгышка карай чаап барып, кайра кайрылды. Ал атын камчылап, найзасын Жолчоронун жүрөгүнө мээлеп, тоголото уруп, башын кесип кетмей болду. Жолчоро душмандан калканы менен коргонууга камынды. Торгошка ат Каабындын Желгарасынын кыймылын түшүндү окшойт, токтоно албай алдыңкы эки буту менен асмандай секире айга жанып алды. Эки баатыр бир-бирине жакындады. Ошол кезде Жолчоро үн салып катуу кыйкырып жиберди да, Каабындын найзасын ай балта менен кагып калды. Темирге-темир келип тийгенде айбалтадан «чаңк» деген дабыш алыска-алыска тарады. Айлана бул дабыштан сестене түштү. Эгерде Каабындын куралын Жолчоро айбалта менен тоспогондо катуу соккуга учурап, аттан кулап түшмөк, анда Каабын эң жаман иш иштемек. Эмки туруп берүү кезеги Каабынга келди. Жолчоро Торгашканы каргытып келип Каабынды найза менен уруп калды. Желгара ошол кезде буйт берип, сактап калды. Тоодой болгон калмак ат үстүнөн эңшерилип кете таштады. Эмки сайыштын кезеги Кайра Каабынга келди. Каабын Желгараны каргытып келип Жолчорону урмак болгондо айбалта менен коргонуп калды. Жолчоро жини келип аябай өкүндү. Каабын туруп берди. Жолчоронун найзасы Каабындын жүрөгүнө тийбей оң ийнине тийди. Каабындын көзүнөн от чагылыша түшүп катуу жарадар болду. Эми эки баатыр кылычташа түштү. Каабындын оң колу жарадар болуп, такыр күч бербей жатты. Ал жеңилеерин билип, атынын башын буруп качты. Каабын кайрыла калып эки жолу жаа тартты. Бул силер менен элдешпейм, өлүгүм талаада калсын деген белги эле. Биринчи огу Жолчоронун башынан алыс кетип, экинчи огу кашка аттын жанбашына келип сайылды. Кашка ат жаанын сайылганына чыдай албай кетти окшойт, эки бутун асмандата ай чапчып кишенеп жиберди. Жолчоро оң колу менен жаанын огун сууруп салды. Каабын качып баратат. Жел кара аргымак көзгө илешпей закым болуп баратат. Жалгыз калмак кете берсин деп ойлогон. Бирок ал эртедир-кечтир келип кыргыздарга бир бүлүк салаары белгилүү эле. Ошол үчүн анын жок кылыш керек болуп калды. Каабын жол оңутун билип, тезиреек кутулуп кетишке Жаман Эчки тарапка чу койду. Ал ошол жактагы суюк токойго кирип таптырбай кетүүнү ойлоду. Калмак ар дайыма куралдарын өзү менен ала жүрчү. Ал жаа тартуу жагынан да мыкты чебер эле. Ал асмандагы кушту атканда жанына топ этип келип түшөт. Аны кутултуп жибербеш үчүн анын артынан кугунчулар катуу келатты. Тоодон ылдый кулаган шар суу нечен кылымдан бери өзүнүн ырын ырдайт. Жол таштак өр. Айлана бейкуттукка чөмүлөт. Анда санда тоо чымчыгынын үнү угулат. Ар кайсы жерде кой таштар кезигет. Жогору жакты карасаң бийиктикте аскалар ылдый салаңдап, кичине эле тийип койсоң кулап кетчүдөй болуп жүрөктүн үшүн алып турду.