Выбрать главу

Каабындын кара аты мындай жолдо жедеп такшала чуркап өткөн коёндой ылдам секирип, аттап-буттап кетип баратты. Куугунчулар артынан калбай куугундашып, Жолчоро бат атма мылтыгы менен меелеп туруп атты эле, ок качкындын башынан кайып өтүп ташка тийип «чыр» деген үн чар тарапка жаңырды. Дагы эки жолу атты эле ок жетпей барып, кара жер топуракка сиңип кетти. Качкын кара атын кара терге түшүрүп, кутулуп кетүүнүн айласын жасап баратты. Учкан кушка жеткирбес жарыктык Желкара жаадай сызып алдыга баратат. Бул Желгара кайсы жердин малы эле. Ал окуя төмөндөгүдөй болбоду беле. Эс тартып калган Каабын бир күнү Беккулу атага кайрылат:

– Ата мага ат берсеңиз мен дагы балаңыз элем,– деп атага кайрылат.

Эч нерсе жаманчылыкты сезбеген айкөл ата ага ушул канаты бар кара аргымакты кармата берген. Чын эле атага берилбес бул адамдын ниети кара экенин ал кезде кайдан билинет. Атка шыктуу Каабын аны аябай таптайт. Өзүнө курал жаракты топтоп, бир күнү качып кетүүнүн жолдорун ойлонуп келген эле. Бала чакта анын атасы ат таптаган мыкты саяпкер болчу. Аттын жөнүн ал ошондон үйрөнүп калган. Калмак талаадагы, желедеги жылкылардын баарын карап чыгып ушул жүдөө кара тайды жактырып калып:

– Беккулу ата мага бобул эле жүдөө кара тайды бер деген.

Аргымак сырын билген Беккулу ата да ушул кара тайга көзү түшүп жүргөн. Кара тай чаалыкпаган жаныбар болот,– деп ата да баамдаган. Бирок «кулум деле менин жакыным эмеспи мине берсин, кара тай сенден айлансын»– деп айкөл ата Каабындын тири карактыгын түшүнүп, күлүк жаныбарды андан аяган эмес эле. Бала кара тайды үйрөтө баштайт.

Ошондо саяпкер Нурсейит:

– Беккулу ата бул бала тегин эмес экен ат күлүгүн билет тура,– деген.

– Ой, бул бала, калмактын атактуу байынын баласы болгон кыргыздарды чаба берип такыр тынчтык бербей койгондо, биз аны кешигин кетире кыйратып, оокатын, малын талап алып урук тууганын кул кылып алганбыз.

Калмак таптаган атын «Желгара» деп коёт. Желгара далай сызып байгелерди ала баштайт. Муну көргөн Беккулу атанын жакындары:

– Ата буга эмне кара күлүктү бердиңиз,– дешет.

– Ой эми, бир тай экен ошону койчу, күлүк керек болсо момунча жылкыдан күлүк тандап ала бербесиңерби,– деген.

Атанын айтканына алар макул болушкан.

Калың журт дагы Беккулу атанын марттыгын өтө жактырган. «Март болсо Беккулу байдай болсун тигине кулу күлүк чаап жыргап жүрөт»– дешкен.

Желгара жаныбар укмуш ат болду. Ал Манас жомогундагы Алгара сыяктуу болуп калды. Балдар дагы Желгара жаныбарды Баатыр Коңурбайдын Алгарасына окшоштуп төмөндөгү ырды чыгарышкан.

Минген кезде жарашат,

Каабындын кара аты.

Капталында бар эле,

Калдайган эки канаты.

Каабын кара тору кара мурут, куш мурун тултугуй бет балжайган жигит эле. Ал дайыма кундуз тебетей кийип сыланганды жактырган.

Качып баратып Каабын арманданды « Атаңын көрү бекер кылган экем, атанын эле айтканы боюнча болгонумда эмне? Мындай азап-тозокко учурабайт элем. Булар мени соо койбой калды» – деди оюнда.

Жолчоро:

– Беккулу атам ушул кара атты Каабынга бекер берген аны өз баласындай көрчү эле.

Куугунчулар Каабынды кууп жүрүп отурушту. Бат эле түн кирип, жылдыздар жымыңдап чыкты. Акыры эч нерсе көрүнбөй калганда, куугунчулар чоң таштын түбүнө келип, эс алып тамактанышты. Бирөө атка сак болуп кайтарып жатышты. Калганы эки жактан эптеп кургак отун чогултуп, жаа менен атып алган кекиликти куйкалап жешти. Калгандары эки жакты Каабын келип калабы деп акмалашып сак жатты. Таң ата элек караңгы жылдыздардын нуру жерге төгүлүп, куугунчулар тамактанып бүтүп, аттарын минип куугунга камынышты. Тээ сайдын ары жагындагы чоң таштын түбүнөн жылтылдап күйгөн от көрүндү. Жолчоро:

– Тетиги от мергенчилердики же алардыкы болбосо Каабындыкы. Ал түндө ашуудан ашып кете алмак эмес. Ашуудан бүгүн ашат.

Алар аттарын минип бат эле отту карай ашыга жете келишти. Бешөө от жакты карашты. Бир адам от жагып жаткан экен. Жакшылап караса, Каабын экендиги байкалды. Ал оттун алоо жарыгында коломтонун жанында отурган дөөнүн элесин берип турду. Качкын бир нерсени куйкалап бүтүп, ашыга апылдатып жеп жатат. Аябай ачка болгон шекилденет.