–Каабын экен ылдам барып колго түшүрүп алалы.
– Колго түшүрүүнүн кереги жок аны ушул жерден жок кылыш керек, ошондо биз келишпес жоодон кутулуп тынч уктайбыз. Билесиңби анын эмне деп айтканын ал Беккулу атанын үч баласын өлтүрүп тукум курут кылып кетем,-деген. Биз аны ушул бойдон тим койсок ал баары бир бизди чаап, уйпалап кеткенге аракет кылат.
Бул сөздү угуп баардыгы шалдайып калышты.
Ошол кезде келаткан аттын кабарын алдыбы, Каабындын кара аргымагы кишенеп жиберди. Каабын келаткан кишилердин кабарын алып, даяр турган киймин кийип, бат эле жолго чыкты. Куугунчулар анын артынан кууп калышты. Качкын кара атын камчылап ашууга карай бет алды.
Жылдыздар асманда жымыңдайт. Аркайган ашуу тараптан сууктун илеби согуп адамды ичиркентет. Ар кайсы жерде атам замандан берки таштар сороёт. Азырынча теребел тынчтыкта. Каабын атын камчылап, ашууга карай жол тартты. Ал артынан куугун калбай катуу келатканын билди. Качкынды Жолчоро мылтык менен атты. Ок Желкаранын оң бутуна тийип, аксап баса албай калып, жарыктык жаныбар жадам сурап аянычтуу кишенеп жиберди. Качкын аттан түшүп, куралдарын алып качып баратты. Бир аз чуркап кача албай демигип күйүгө, жыла албай калды. Ошол кезде ал жаасын, мылтыгын алып кыргыздарды атууга камынды. Каабын да оңой мерген эмес эле. Жолчоро меелеп туруп атып калды. Ок калмактын сол капталына тийип, тоголонуп жатып калды. Куугунчулар бат эле жете келди. Качкын катуу жыгылып, денеси бир далайга дир-дир этип кагып турду да, анан оозунан кара кочкул кан агып, бат эле жан берип жатып калды.
Жолчоро:
– Бизге дитин бербеген качкын шыбагасын ушинтип алды, тууган болуп көңүлүн бербесе да, көп жылдан бери биз менен бирге жүрүп калды, сөөгүн тетиги жерге алпарып жакшылап көөмп коёлу. Денесин таштап карга, кузгунга жем кылсак биздин мойнубуга күнөө жүктөлүп, тынч жашай албай калабыз. Баатырлар унаасынан түшүп, аттарынын ооздугун чыгарып, отко коё беришти. Качкындын курал жарак, буюмдарын алып анан кудайга жалынып, сөөктү кыбылага карата кийми менен казылган чуңкурга салып, топурак жана майда таштар менен көөмп киришти. Денени тапшырып бүткөндөн кийин ит-куш жеп кетпесин деп, чоң таштарды үстүнө үйүп киришти. Бир азга ошол жерде эс алып отурушту да анан туруп, колдорун агып жаткан булактын суусуна жуушту. Ушуну менен байкуш Каабындын иши бүттү. «Бизге тынчтык бербедиң эле эмне кылабыз, тагдырдын иши ушундай эле дешти». Аттарынын минип, Желкараны акырын жетелеп келе жатышты.
Айлана кулак кескендей жымжырт. Такыр эчтеке болбогондой элес келет. Жерге күн нурунун жарыгы толук төгүлүп, күз күнүнүн элеси.
Качкындын сөөгү чоң таштын түбүндө алыс калды. Кара ат жетелеп келаткан беш жолочу. Созулуп жаткан жарыша кеткен жолдор. Бетегелер катуу тартып ката баштады. Чоң таштын түбүндө шылдырап тунук булак ыр ырдап агып жатат. Ал өмүрдүн элесин жакшы жышаана кылып ыр таратып жаткандай.
Бүгүн күн ачык, тээ береги карт аскада илинип боз булуттар турат.
Ак элечек кийген касиеттүү эне айтып калаар эле:
– Үч баламын кыялы үч башкача болду. Улуу балам курумшу мал жанга ынак болуп, айрыкча Камбар ата тукумун берилип жакшы көрөт. Ал малын көбөйтүп, бизди жыргатып, сасыган бай болот го.
Эне бир тынымга токтоп калды да анан сөзүн улантты;– Үчөө аман –эсен чоңойду, үйлөнүп да алышты, эми бала-чакалуу болуп жаманчылыгын көрсөтпөсө болду, журтубуздун саны арбып, тукумубуз көбөйсүн,– деп кудайга жалынып бата тилеп койду. Анан эле эне жанындагы кемпирлерге кой десе болбой дагы сүйлөп кирди,– Ортончу балам Бүтөбай болбоюуп эң эле жоош, эчтеке менен иши жок, барбы, жокпу баарына кайыл. Бирок ата-энесинин тилин аябай алып, биздин сөзүбүздөн чыкпайт. Ал атасын айрыкча жагат. Атасы менен жаны бирге. Ал бүркүт салып, куш агыткан менен ынак жакшы адими кийинип, тайган коё берип ошол иши менен алек. Анан комузга өтө жакын өрүк комуз чертип, кыз келин, элге ырдап берип, ошолордун батасын алганга умтулат. Атасы сыяктуу эч нерсе менен иши жок. Ортончу балам, Шоңко күлүк таптап, ат чыгарып, Камбар Ата тукумуна ынак болуп калды. Күлүк чаап байге алып, ошонусу менен чоң атакка жеткиси келет. Күлүк минип алып, айылдан-айыл аралап, сулуу кыз издеп үрөөнөк иттерди абалатканга маш. Эне айылдагы Кермекаш деген бир куудул келиндин ырын айтып берди:
Шоңшоңдоп унаа желдирип,
Шоңко жигит атын чаап.
Кабанак иттер арт жагынан,
Калбай келет такымдап.
Кара атына камчы уруп,
Каткыра күлүп арылай.
Кара аты желдей учуп,
Кабанак иттер жете албай.
***
Ошол Ысык -Көлдүн чыгыш жагында турганда түштүк тараптан бир белгилүү аттуу, баштуу сынчы келип калат. Беккулу атанын оюу ошол сынчыга кетет. Ал алдыңкы келечегин көп ойлоочу эле. «Үч баламы сындатып көрөйүн, касиеттүү сынчыдан жакшы сөз угаар бекем»– деп, үмүтү асманга жылдызданып учуп туруп алат. Акыры ак боз жоргосун минип чыгып, саруулардын айлында ошол сынчыга жолугат. Сынчыны коштоп жүргөн адамдары менен үйүнө ээрчитип келет. Үйүнө алып келип жакшы коноктоп, эки-үч күнү баштан өткөн окуяларды сүйлөшөт. Акыры сынчыга мындай сөздү жөнөтөт: