– Бобул малдын жарымын силерге берем, мал кылып жашооңорду өткөргүлө,– дейт чоң кишиче.
Улгайып калган адамдар таң калат:
– Кой садага бул кылганың жарабайт, Беккулу аба нааразы болот го,– дешет.
– Мен берип жатам, ага жообун мен берем,– дейт.
Беркилер Шоңкого ыраазы болуп жаадырып алкышын айтат. Ошол окуя бүт жерге тарап кетет. Эне уулуна нааразы болуп:
– Балам бул эмне кылганың, малдын баарын таратып жибербе.
– Эчтеке эмес эне бизге калганы деле жетет. Алар такыр эле ачка болуп жатпайбы. Биз кымыран ичсек да жашайбыз.
– Балам туура айтат, биздин эл жарды жашаса биздин бай турганыбыздын кимге кереги бар,– деп Беккулу ата коштоп кетти.
Беккулу атадай Шоңко да колу ачык болгон экен деп уламаларда айтылат.
Ал адам жөнүндө төмөндөгүдөй ыр жаралыптыр:
Беккулун Шоңко уулу,
Жарды адамды аяган.
Башкага аты тараган,
Баардыгына таанымал.
Шоңшойгон Шоңко уулу,
Колу ушунча берешен.
Ысмына шоола себилген,
Ыйык сапат энчиленген.
***
Айкашка күлүк эң кереметтүү мал эле, ал дубанга белгилүү мал болчу. Жарыктык жаныбардын денеси бүтүндөй кап-кара маңдайында жаңы ай чыккандай тегерек шооласы бар эле. Ошол үчүн ал жаныбарды «Айгашка» деп атап калышыптыр. Айгашка күлүк Айгашка болуп турганда далай жолу биринчи, экинчи байгени алган. Шоңконун жылкыны сүйүп калган жагы ошол Айгашка күлүктөн башталды. Ал бала кезинен эле түн ичинде жылкы кайтарып, « Бекбекей» ырын созгонго кызыкчу. Ошентип жүрүп, жорго мингенге кызыга баштады. Бир күлүк жоргом болсо деп үмүттөнүп жүрдү.
– Уулум кайдагы жоргону айтасың, жорго колуңда эле турбайбы- деп ата нааразы болду.
– Ата мен ал жоргону караанын көрдүм.
– Кайда экен ал жоргонун кабарын айтчы?
– Ата ал жоргону мен акыры таптым, ошол жоргону сатып берсең эле болду.
Касиеттүү адам ары ойлонуп, бери ойлонуп турду. Бу балам жоргонун даңкындай атак-даңкты издеп жүргөн бала экен. Мейли эми сатса, сатып берейин, – деп ойлонот.
– Ал жорго кайда экен мен аны кайдан таап берем?– баласына суроолу карады.
Шоңко атанын сөзүн угуп сүйүнө:
– Биздин туугандарыбыз Тынымсейит уруусунда Нарбото деген байында бар экен. Ошол Акбоз жоргону сатып берсеңиз эле болот. Мен аны эки жолу түшүмдө көрдүм жорго салышта биринчи орунду ээлегенин даана көрдүм. Мен алдыда боло турган ишти түшүмдө көрдүм. Түшүм чындык.
Ата ары ойлонду, бери ойлонду. Балама ошол жоргону алып берейин бир жолу мунун өтүнүчүн аткарайын деп ойлонду. Түштөгү иш сөзсүз өңдө болот.
Андан бери бир топ күн өттү.
Быйыл жаз эрте келип, чар тарап бат эле көркүн ачып жашара келди. Малдын кара эти толуп, нык семирип бат эле эттенип чыга келди.
Ошол жайдын сонун күндөрүнүн биринде, ата жоош Акбоз жоргосун минип, баласына жомоктой түштөгү жоргону издеп Кичи Нарындагы Тынымсейит уруусундагы Нарбото деген байды боолголоп жолго чыккан экен. Ата жанына бир жигитти ээрчитип конуп-түнөп жүрүп отурду. Өзү торгойдой, аты ыргайдай болуп жүрүп отурду, жүрүп отурду. Ал жолдо ак калпакчан кара мурут жигиттен сурады:
– Кагылайын сапардагы жолочум Нарбот деген байды билесиңби?
Береги жигит ойлонуп-ойлонуп калды да андай адамды уккам бирок кайсы жерде экенин анык элестете албайм, анын сизге эмне кереги бар эле?
– Ошол Нарбото байдын акбоз жоргосу бар экен ошол жоргону кичүү балама сатып берейин деген элем ошол жоргону издеп сапар жолдо баратам.
Береги киши атаны таң кала карап калды да анан сүйлөп кирди:
– Уулуңуздун кызматы үчүн балага жорго издеп чыккан экенсиз, жээ балаңызга канат издеп чыгыптырсыз, ал сөзсүз табылат. Талыбай жол уланта бериңиз. Ак үмүтүңүз акталат. Ата болуп ал жоргону таап берсеңиз сиздин уулуңуз жорго минип жолго чыгат. Сапарыңыз байсалдуу болсун,– деп жаш да болсо алиги жигит атага жакшы батасын берди.
Ал тынбай жол жүрүп баратты. Аз жол бастыбы, көп жол бастыбы, иши кылып жол жүрүп келатты. Жолдон учуп бараткан карга, кузгундарга жолукту. Канаттуулар андан сурап калды:
– Жол жүргөн жолочум кайсы жакка жол улап бараттың эле?
– Мен кичүү уулма жорго издеп баратам.
– Аның жакшы адамым сен балаңа камкордук кылып чыккан турбайсыңбы талыбай сапар тартып кете бер акыры издегениңи табасың.
Ал жол жүрүп отурду, жол жүрүп отуруп канча жол басканын да билбей калды. Кечүү кечти, жайык аралады, кычыктан айланып өттү, ага жараша күн дагы жакшы болгон жок бирде ысып, бирде каарданып бороон согуп турду. Ата менен анын ат кошчусу талбай жол улап келатты. Ат кошчусунун аты Бакыт эле: