Выбрать главу

Көзү ачык Жучунун тагдырын туура эле айтты окшойт. Өмүрүнүн акырында Темүчүн Кулан деген сулуу аял менен жашап, ал эмне десе ошонун баарын аткарган. Жучу кийинки учурда Темүчүнгө такыр баш ийбей моюун толгой баштайт, мунусу Темүчүнгө жакпайт. Кулан дагы Жучуга каршы иштерди жүргүзөт. Алардын ортосунда чоң карама-каршылык пайда болот. Ушул экөө тарабынан Жучуга уу берилип жок кылынган сыяктанат. Канчалык ченемсиз бийлик болсо да ал жараткандын буйругуна баш ийет эмеспи. Адамдар өмүрдүн артында өлүм бар экенин билет болду бекен.

КЫРГЫЗДАРДЫН ЧАБЫЛЫШЫ

Бул кезде Долон кыргыздын бир уруусун бийлеп жүргөн бийлердин бирөө болчу. Ал өз жакындарын бириктирип инал Олебектин айткандарынан чыкпай ошонун жолу менен жүрдү. Кыргыздардын ал кездеги бийлик башында турган адамды «Инал» дечү. Ал бийликтин хандан кийинки сереси эле. Олебектерге Монголдор көп кыршылык кылган жок. Кыргыздардын жанында тумат. кыштым, урасыт, төлөс жана башка уруулар бар эле. Булардын ичинен саны арбын ушулар болчу. Туматтарды монголдор өтө катуу эзип жиберди. Алардын эзүүсүнө туматтар чыдай албай калган сыяктуу. Ошол үчүн жигиттер курал-жарак жасап монголдрго каршы күрөшүү үчүн даярдана баштады.

Жучудан туматтарга чабаган чаап келди.

– Бизге үч миң кол берсин,-деген экен.

Туматтардын ажосу Элкен:

– Бере албайбыз биздин согушка даярдыгыбыз жок,– деген кабарды айттырды

– Анда салык төлөсүн,-деп жатат.

Элкен буга дагы көнбөдү. Анткени ал жакында эле көп салык төлөгөн эле.

Чабаган болгон жаңылыктын баарын Жучуга жеткирип барды. Хан каарланып, Баргул баатырды чакыртты. Ал кыйын ноён эле баардык салгылашта жеңилген эмес. Жеңилүүнү да каалабаган. Баргул көп жерге кыргын салып, далай кошуундун канын суудай агызган. Ошондуктан Темүчүн аны жанындай көрүп, ага көп сыйлыктарды жана арбын наамдарды берген.

– Баргул сен жоокерлериң менен барып туматтарды баш көтөргүс кылып жок кылып кел, сага ал жердеги кыргыз кошууну жардам берет.

Баргул жоокерлери менен туматтарга каршы жөнөп калды. Туматтар да оңой эл эмес экен бул согушка аябай катуу даярданыптыр. Баргул кыргыздарга кайрылды:

– Силер бизге кошулуп, туматтарга каршы согушкула!

Кыргыздар буга мойнобой койду:

– Туматтар эзелтен бери биздин коңшубуз алар менен кантип согушабыз.

Муну укканда Баргул баатырдын жини келди. Монголдор көп жоготууга учурап, бул согушта Баргул баатыр окко учту. Монголдор жеңилип артына карай кетти. Көп узабай ошол кабар Темүчүнгө жетип, ал такыр ишенбей:

– Баргул өлдүбү, кантип эле ошондой болсун, чыныгы баатыр эмес беле. Андай болушу мүнкүн эмес, менин кыраан шумкарым токой адамдарынан өлүшүн мен чындык деп эсептебейм.

Темүчүн дагы ойлонду:

– Баргулга эмне болду, Баргул чын эле өлдүбү? Токой дадамдары туматтар чын эле жеңдиби? Ал мага кара тулпарын минип келбейт беле.

Темүчүн Баргулду жанындай көрчү эле, аны менен тамашалашып көңүл ачкан кезин эстеди.

Темүчүн жардамчысын чакыртып, ал бат эле кирип келди.

– Баргулдан кабар барбы?

– Жок ардактуум ал эчак эле өлгөн аны туматтар жок кылды.

– Туматтарга каршы Жучунун өзүн жибербедим беле, дагы аны жиберем. Бешиктеги баласы калганга чейин кыргын салсын. Туматтардын айланасындагы баардык эл Жучуга кошулсун. Эгер кошулбаса аларды да тып-тыйпыл жок кылып, кызыл кыргын кара сүргүн кылсын макулбу.

– Ардактуум айтканыңызды айтам.

Улуу хан тарабынан ошондой катуу буйрук берилди.

Дарбын Дакшин коп колу менен калдайып аттанып чыкты. Жучу кыргыздарга кабар берди. Бизге кошулуп бул жердеги баардык уруулар туматтарга каршы чыксын деген жарлыкты кабыл алды. Катуу салгылаш Тунук- Көлдүн жээгинде болду. Дарбин Жакшин байкоосуздан алдырып жиберди. Эми Жучу аябай жини келип, өзү кол баштап майданга катуу кирди. Туматтардын колу менен Жучунун колу бетме-бет келди. Хан туматтардын колун аябай байкоого алып, анын түштүк жагы начар корголгондугун жана имерилиш аркылуу орой келип чабуул коюуну жактырды. Ал жанындагы жоокерлерге бир нерсени айтып жатты. Чабагандар аттарын тыз коюп чаап кетти. Чабуул бетме-бет келген жактан башталбай башка тараптан башталып, монголдордун жоокерлери ошол жерден жарып кирип катуу чабуулду баштап жатты. Туматтардын жоокерлери бат эле алсырап ары карай кача баштады. Душмандардын алсызданып калганын билип, хан күчтү ошол жакка топтоп, чабуулду баштап коргонууну уюштурду. Хандын ачыгып калган жоокерлери туматтарды майкандап, кара сүргүн, кызыл кыргынды баштап кирди. Бирок туматтын жоокерлери колунан келишинче каршылык кылып, ошенткен менен алдырып жибергени белгилүү болду. Күчтүү Жучунин колу бат эле туматтарды кызыл кыргын, кара сүргүн кылып майкандап таштады. Туматтар такыр эле баш көтөрө албай калып, алардын жерине каран түн түшүп, ат өлүгү тоо, эр өлүгү боо болду. Курган туматтар мындай кырылган жок эле. Алардын ыйык желеги тепселип жерде калып, ошол эл жашаган аймакта карга, кузгун карк-курк этип учуп жүрдү.