Выбрать главу

Мен эки кол жазма китепти эчак эле тараткам. Ал тее- тетиги 1992- жылдар болуш керек эле. Анан китепти ошол боюнча таштап коюуп азыр кайра карап отурам. Оңдоочу жерлерин оңдодум. Бул китеп негизи үч адамдын кол алдынан өттү. Жалгыз эле мен жазып салдым десем тигилердин акыл эмгегин жеп кеткен болом. Китептерди Жүзөнова Айгүл, кызым Жылдыз тирмийип отуруп алып, баш ылдый оңдоп, уйкаштыгын келиштире оңдоп чыкты. Же алар толугу менен кайра жазып чыкты десем болот. «Туулган жер жөнүндө китеп экен элге уят болуп калбайлы» дешти. Эң эле осол жерлерин алып салышты. Анын оордуна башка ырларды жазышты. Мага караганда алар коп окугандык кылды жана орус тилин терең билгендиги менен айырмаланды. Балким дале осол начар жерлери бардыр аларды алып салаарбыз. Кимдир бирөө жазылбай калгандыр. Аларды чыгармага кийреербиз. Иши кылып туулган жер жөнүндө анча-мынча болсо да жазылаар китеп жазылды. Кудайга ошол каниет. Ыйык жерди кантип китеп кылып жазбайбыз, жазабыз. Туулган жер жөнүндө китеп жазып анан башка темага кайрылабыз. Өзүңөр билесиңер китеп ар кандай сюжеттик линияда түзүлөт. Чылгый эле мактоо болсо, ал китеп болбой калат. Эч кимдин деле окугусу келбейт. Китеп жаратылыштан, армандан, кошоктон, юмордон, жаштыктан, күлкүдөн, балалык, карылык жана башка көптөгөн нерселерден тураарын билесиңер да. Кээ бир жазуучуларды билем туулган жери жөнүндө бир эки эле ыры болот. Ал туулган жерин ошол эле эки ыры менен элестетет. Мынчалык терең жазыш үчүн көп окуш керек болуп жатпайбы. Фольклорду, чыгармачылык эстетиканы, логикалык ойлонуу, ата-журттун уңгусун,турмуштун өнүгүү темпин, көркөм аң-сезим, реалдуу ойлоо ыкмаларын, чыгармачылык профессионалдык жана башка толуп жаткан нерселерди билиш керек. Чыгармачылыкта эки куплет ыр эле көп нерсени чечип коюушу ыктымал. Бул өз жайы менен болсун. Мен эми көп алыс кетпей кайра эле өзүбүздүн турмушубузга келели. Туулган жерге сагыныч пайда болот. Биздин жайлоолорубуз кандай керемет ал жерлерге киндик каныбыз таапм балалыгыбыз калбады беле. Жерибиздин адамдары кандай ыйык. Мен тууулган жерде бир-эки адамдан эле көңүлүм калбаса ал эми жалпы карапайым адамдардын бирөөнөн да көңүлүм калбаптыр. Алардын ыйык элеси, сүйлөгөн карапайымдыгы баардыгы менин көз алдымда даана кино болуп тартылат. Мен аларды кантип ырга жазбай коём. Кандай гана чыгарма болбосун анда тарбиялык маани болуш керек. Тарбиялык маани болбосо, ал чыгарма болбой калат. Ал ошол үчүн адабий чыгарма да. Ошол тарбиялык чыгарма менен адамдык калыптануу келип чыгат. Албетте адамдардын арасынан ар кандай терс сапаттар жолугат. Мисалы: зулумдук, ач көздүк, көрө албастык, зөөкүрлүк, уурулук, мастык жана мындан башка адамдарда толуп жаткан терс көрүнүштөр бар ошолордон четтеш үчүн мен ырларымда жазып кеттим. Ал жагын жаман көрбөгүлө. Канчалык биздин эл жогорку маданияттуу болсо, биздин элде жашоо ошончолук сонун болбойт беле. Албетте андай жаман көрүнүш баардык элде кезигет. Мисалы падышадан тартып карапайым адамга чейин жаман сапаттар бар. Мисалы биздин качып кеткен адамдарыбыз жакшы адамдарбы алар дүйнөкор, талоончу болуп чыга келбедиби. Кечөөгүңкү эле жакшы деген адамыбыз жүзү толук ачыла келбедиби. Ушундай жерде кантип заман оңолот. Өзүңөр эле ойлоп көргүлөчү көп депутаттар, губернатор, акимдер чыкты, ушулардын деги бирөө эл үчүн иштедиби? Жок элди тоноп алды да басып кетти. Эч бир элге жакшылыгы болгон эмес экен. Жалпы эл үчүн иштеген адамдар керек болсо онго да жетпейт. Мен аларды санап берейин. И. Раззаков, А. Масалиев, Шералы Назаркулов, Султан Ибраимов, Топчубек Тургуналиев, Дооронбек Садырбаев менин эсимде эл үчүн иштегендер ушулар эле экен. Ал эми депуттар, акимдер, губернаторлор жөн эле бир бийликке келип кеткен адамдар тура. Байып алат анан жылт коёт. Анан аларды кантип эл үчүн иштеди дейбиз. Алар атын калтырыш үчүн кээ бири тирүүсүндө эле мектептерге, көчөлөргө ысмын коюуп киришти. Деги ошолордун аттарын койгондой эмне эмгеги бар эле. Алардын аттарынын киге кереги бар. Жансыз элге эмгеги жок ашыкча нерсе болуп жатпайбы.