Выбрать главу

Тээ береги Кара тоонун этегинде шамалы жок ыктоо аймак Тагай бийдин кыштоосу. Анын аялы Берметтин боюнда болуп төрөөр маалы жакындап калганбы түн боюу уйку баласын көрбөй кыйналып чыкты.

Кылжыр ата төрөлөөрдө Тагай бий бир кызык түш көрөт. Түшүндө күлүк акбоз атын минип, тоо аралап капталдай кетип бараткан экен. Бийик ашуудан ашып алды жагын караса, көз жеткис чоң өрөөн ачылат. Өрөөн эң кооз карап эле тургуң келет. Өрөөн аркылуу ээ-жаа бербей эки дайра алкына агып жатат. Дайралардын киргени же агып жатканы билинбейт, күргүчтөй токтобой агып эле жатат. Дайранын башында чоң таштын үстүндө Чоң жолборс өрөөндү карап жатат. Асмандан сандаган бүркүттөр айланып жүрөт. Алардын сүрүнөн жердеги жаныбарлар жазганып коркот. Бий ушул түшүн бир карыяга айтты. Карыя бийдин эң жакын ысык көргөн курдашы эле:

– Кокуй, бул түштү эч кимге айтпа, көз тийет,– деди чочуй. Буюрса бул төрөлүүчү балаң жөн тегин бала болбойт экен. Суу өлбөс түбөлүк жоголбоочу элес. Буюрса ал уулуңдан жер бетине эки уруу эл тараар, агып жаткан дайрадай болуп, ал эми асманда учуп жүргөн бүркүттөрдөй кыраан уулдар ошол элден чыгаар. Бий түшүн эч кимге такыр айтпады, түштүн урматына акбоз бээ чалып, элге тамак берди. Ал эми түштү жоруган жанагы карыяга акбоз күлүк жана үстүнө тон жапты. Ошол иш ошол болду.

Жылкычылар жылкы кайтарган суук күз күндөр өтүп жатты. Тагай бийдин үй бүлөсүндө кандайдыр бир нерсе болчудай болуп турду. Бий да бул күндөрү ошол болуучу ишти жакшылыкка жоруп, жаратканга, арбактарга жалынып, «Деги ишим жакшылыкка жорулса экен», деп өтө ойлуу жүрдү. Бермет эненин төрөөр күнү жакындап кирип келди. Үйгө колу эмсек үч кемпир келип эненин төрөтүнө кам көрө баштады. Эне байкуш мурун эки бала төрөдү эле анда мынча кыйналган эмес. Ал ичинен « Каапыр бул бала менин башымы жейт го» деп шектүү ойлорду ойлонуп жатты. Ошол бала төрөлөөрдө бир апта күн көрүнбөй айлана алай-дүлөй болуп, кар аралаш жаан жаап турду. Адамдар таң калып. «Бул эмне балакет болгон жатат» деп түкшүмөл тартышты.

Акыры үч кемпир алышып жатып, энени таң маалында эптеп жатып төрөттү. Кудай буйруп төрөлгөн бала эркек экен. Баланын үнү тай чабым жерге угулуп турду. Аны уккан карыялар «Бул бала тегин бала болбойт, келечекте ата журтту коргогон мекенге чеп болгон бала төрөлгөн экен»– деп жорушту.

***

Тагай бий ислам динин ыйык дин катары баалаган. Ошондой эле байыркы бабаларынын санжырасын билген айкөл кепкор адам эле. Басса-турса ыйык санжырадан башкаларга кеп сала берген пенде болгон. Ал кыргыздын кырк уруусун бириктирип, эзүүчү Моголдорго каршы күч топтоп аларды мекенден алыс сүрүп салгысы келген. Анын негизги баа жеткис оюу ушул болгон. Ал жаңы төрөлгөн баласына ат коюуну самады. Тагай бий Манас чыгармасын түп нускасына жакшы билген адам эмеспи. Улуу касиеттүү Манас баатырдын эң жакшы жакын көргөн адамы Элтабар болгон, ошонун элди коргоор Сарбагыш деген уулу бар экен. Ата төрөлгөн баланын атын Сарбагыш койгусу келген.

Балага ат коюучу карыя сурады:

– Тагай уулум баланын атын эмне деп атайлы?

– Сарбагыш.

Касиеттүү карыялар айтып жатты:

– Балабыздын аты Сарбагыш болсун!

– Сарбагыш!

– Сарбагыш!

– Уулубуздун атын Сарбагыш деп асан чакыргыла!

– Сарбагыш!

– Сарбагыш болсун!

– Сарба…гы…шш…– деген ат ай ааламга теңир көккө баардык жерге тарап кетип жатты.

Бийдин колунда бар эмеспи акбоз бээни чалып эл-журттан бата алды. Мезгил закымдап өтүп бала да чоңоюп жатты. Баланын мойну бир жагына тартылып ийри моюн болуп өстү. Ошонусунанбы эл аны « Кылжыр» деп атап алды. Бермет эне капа болуп:

– Бу баланы көзү ачык дарыгерлерге көрсөтчү, -деп бийге кайрылчу.

Тагай бий аны укпай:

– Кудайым балага ушундай тагдыр берди, ушул балам тың чыгып, келечекте журттун керегине жарайт,-дечү.

Айлана небак жашарып, чөп бурала өсүп, эл небак мал- жаны менен улуу тоолорго көчүп кеткен. Бээ саап, кой кайтарып, кыргыз эли тээ байыркы атам-замандан бери түйшүк менен алек. Ушул тоолордон эки ашуудан ары, жагында калмактардын конушу башталат. Көптөн бери калмактар менен кыргыздар жер талашып келатат. Бул арыздашуунун айынан нечен жолу кармашуу болуп, бирде калмактар сүрүлүп, бирде кыргыздар сүрүлүп, жанын оозуна тиштеген далай жаңжалдар чыкты. Азыр дагы калмактар менен кыргыздардын арасы тынч эмес. Өткөндө эле калмак жигиттери кыргыздардын жигиттерине тийип, бир топ жабаганы айдап кетти. Көп өтпөй ага жооп кылып, кыргыз жигиттери жоонун көп жылкысын түн ичинде айдап алышты. Айдап келсе эле бир жөн чокмор менен уруп калмактын эки жигитин торойто чапты. Ошондон бери орто тынч. Бирок кыргыздар калмактар кек кууйбу деп, тоо жакты карап шектенишет. Дагы бир шойкомдуу окуялар болуп кетеби деген бүдөмүк ой ичтен сызылат. Күн чыгып кайра кеч келип, өмүр акырындап өтүп жатты. Ушул күндөрдө Бермет баласы, энеси менен жакын тааныштарынын чакыруусунда жайлоодо конокто болчу. Тагай бий иштери менен бир жакка алыс сапарга кеткен.